Финансы министрлиги: 2023-жылга Билим берүү министрлигине 50 млрд сом бөлүнөт

2023-жылга Билим берүү жана илим министрлигине бюджеттен 49,9 млрд сом каралды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирип, бул былтыркыга караганда 72,4% жогору экенин белгиледи.

Бөлүнгөн каражаттын 20,6 млрд сому мугалимдердин жана билим берүү системасындагы айрым категориядагы кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүүгө жумшалат. Дагы 193,9 млн сом эмгек акыга квалификациялык категория үчүн үстөк акынын өлчөмүн жогорулатууга байланыштуу мугалимдерге квалификациялык категория ыйгарууга жумшалат.

45,6 млн сом педагогикалык адистиктер боюнча билим алып жаткан жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине, жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин статусун жогорулатуу максатында стипендиялардын өлчөмүн көбөйтүүгө багытталат.

Ошондой эле 2023-жылы жалпы билим берүүчү мектептер үчүн окуу китептерин басып чыгарууга жана сатып алууга 152 млн сом, анын ичинен Брайль арибинде окуу китептерин басып чыгарууга 3,0 млн сом каралган. Жакында эле кыргызстандарт Брайл шрифтинин кыргыз тилиндеги стандарттарын бекиткен.

Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын түзүү жана киргизүү үчүн компьютерлерди сатып алууга 67,2 млн сом каралган. Дагы 47 млн сом мектептерди интернетке туташтыруу үчүн жумшалат.

Мектептерди учурдагы оңдоо иштерине жалпы 90,6 млн сом каралган. анын ичинен жетим балдар үчүн интернаттарды оңдоого 5 млн сом каралган.

Мындан тышкары, мектеп окуучуларынын эл аралык, республикалык олимпиадаларына, президенттин атынан «Жаңы жылдык балаты», «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына абитуриенттерди тестирлөөгө, «Жылдын мыкты мугалими», «Манас таануу» телесынагына атайын эсептен 2022-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 284,4 млн сомго көбөйтүүсү менен каралган.

Билим берүү тармагындагы реформа

Жакында эле Билим берүү министрлигинин башчысы алмашты. Уланбек Мамбетакуновдун ордуна экс-депутат Каныбек Иманалиев дайындалды.

Азырынча ал билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп турат. Иманалиев бул кызматка дайындалары менен дароо президент менен жолугушуп, ага билим берүү системасы реформага муктаж экенин айтып, жакын арада билим берүү процесстеринин сапатын жогорулатууга багытталган концепциясы менен тааныштыраарын билдирген.

Иманалиевдин кызматка келиши менен билим берүү системасында мугалимдерди шыктандыруу максатында эң мыкты мугалимдерге «Кыргыз Эл Баатыры» наамын берүү сунушталууда. Ошондой эле «Жылдын мыкты мугалими» конкурсунун жеңүүчүсүнө батир, ал эми беш негизги предметтер боюнча мыкты мугалимдерге 1 млн сомдон берүү пландалууда.

Жакынкы 3-5 жылда миңден ашык мугалим батир менен камсыздалышы үчүн атайын долбоорду иштеп чыгуу да пландалып жатат.