Иманалиев: Мыкты мугалим «Кыргыз Эл Баатыры» наамы, батир жана 1 млн сом менен сыйланат

Бийлик мыкты мугалимдерге мамлекеттик сыйлык, акча жана батирлерди берет. Бул тууралуу билим берүү министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев минкабдын башчысы менен жолугушууда билдирди. Жолугушууда чиновник өз ишин артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып берди.

Ал президенттин демилгеси менен мугалимдерге өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик сыйлык — «Кыргыз Эл Баатыры» наамы берилерин белгиледи.

Ошондой эле «Жылдын мыкты мугалими» конкурсунун жеңүүчүсүнө батир, ал эми негизги предметтер боюнча беш мыкты мугалимге 1 млн сомдон берилет. Ал бир бою Кыргызстанды кыдырып, көрсөтмө сабактарды өтүшөт. Мындан тышкары, Иманалиев жакынкы 3-5 жылда миңден ашык мугалим батир менен камсыздалышы үчүн атайын долбоорду иштеп чыгуу пландалып жатканын айтты.

Билим берүү министринин милдетин аткаруучу дүйнөлүк жогорку окуу жайларда окуп, атактуу компанияларда иштеген кыргызстандыктарга дагы атайын сыйлыктарды берүүнү сунуштады.

Ошондой эле ал жакыр үй-бүлөдөн чыккан таланттуу балдар үчүн Чолпон-Ата шаарында мектеп-гимназия куруларын билдирди. Иманалиев президент менен жолугушууда гимназия президентке караштуу болорун жана анда 220 бала билим аларын айткан.

Министрдин милдетин аткаруучу президент тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо билим берүүгө болгон чоң ишеним, чечкиндүү кадам экендигин кошумчалады.

Каныбек Иманалиев — публицист, Жогорку Кеңештин төрт чакырылышында депутат болгон. Президент Садыр Жапаров 24-февралда аны билим берүү министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Иманалиев өлкө башчысы менен жолугушууда билим берүү системасы реформага муктаж экенин айтып, жакын арада билим берүү процесстеринин сапатын жогорулатууга багытталган концепциясы менен тааныштыраарын билдирген.