Минкаб ири акционердик коомдорду бириктирген «Аманат» холдингин түзүү планынан баш тартты

Министрлер кабинети мамлекеттик ири акционердик коомдорду бириктирген «Аманат» улуттук холдингин түзүү планынан баш тартты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 1-марттагы жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Ал минкабдын холдинг түзүүдөн баш тартканын парламент депутаттарынын бул идеяны колдобогону менен түшүндүрдү.

«Азыр “Аманат” жок. Токтом долбоору эки комитеттен өткөндөн кийин каршы болгондор чыгып, ошол толугу менен эске алынып, азыр холдинг жок», — деди Амангелдиев.

Минкаб «Аманат» холдингин түзүү планын өткөн жылдын август айында билдирген. Долбоордун негизги максаты — мамлекеттин үлүшү бар жергиликтүү компанияларды эл аралык биржа рыногуна чыгаруу экени айтылган.

Ишканага 16га жакын акционердик коом бириктирилери белгиленген, алардын катарында «Кыргызалтын», «Кыргыз нефтегаз» жана «Манас» ААК да бар болчу.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду улуттук холдингдин капиталы 100 миллион сомдон жогору болот деп бааланып жатканын белгилеген.

Автору: Айзада Кубанычбекова

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда 16га жакын акционердик коомду бириктирген улуттук холдинг түзүлөт