Ноокен: Жер тилкелерин мыйзамсыз сатып жүргөн эки жергиликтүү депутат кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда «жайыт» категориясына таандык жер тилкелерин мыйзамсыз сатып жүргөн жергиликтүү депутаттар кармалды. Бул тууралуу 1-мартта «Клоопко» УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз сатып жүргөн туруктуу коррупциялык схема аныкталган. Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө Ноокен айылдык кеңешинин эки депутаты кармалган.

Алар «жайыт» категориясына таандык жер тилкелерин жасалма документтерди жасап 100 миң сомдон 180 миң сомго чейин сатып жиберген. Аны менен катар Ноокен айыл өкмөтүнүн имаратынан 300дөн ашык жасалма токтомдор табылганы айтылат.

Учурда аталган схемага тиешеси бар бардык адамдарды табуу аракети жүргүзүлүп, мамлекетке келтирилген зыян эсептелип жатат.

Буга чейин, 24-февралда Сузак райондук архитектура башкармалыгынын адиси айыл чарба өндүрүшүнө арналган эки жер тилкесин курулуш үчүн мыйзамсыз сатып жибергени аныкталган.

Ал жерлерди сатууда адамдарды ортомчу кылып, Сузак айыл өкмөтүнүн жасалма токтомун пайдаланган. Анын иштеген жерин тинтүү учурунда Сузак айылындагы жер тилкелери боюнча жасалмалоо белгиси бар 200дөн ашык документ табылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сузак: Архитектура башкармалыгынын кызматкери жер тилкесин мыйзамсыз сатууга шектелип кармалды