Депутат Баткендеги үйлөрдү курган жумушчулар акыларын ала албай жатканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев Баткендеги куралдуу жаңжалда талкаланган айылдарды калыбына келтирүү иштерин аткарган айрым жумушчулар маянасын ала албай жатышкандыгын айтты. Бул маселени ал парламенттин 2-марттагы жыйынында көтөрдү.

«Мага жарандар кайрылып жатышат. 2022-жылы октябрь, декабрь, ноябрь айларында Баткендеги Ак-Сай айылында талкаланган үйлөрдү кайра курууда иштеген балдар бүгүнкүгө чейин айлык акысын ала албай жатыптыр. Менде арыздары да бар, ушуну териштирип бериңиз», — деди ал.

Учурда тиешелүү органдар бул боюнча комментарий бере элек.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Узаган жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болуп, 200дөн ашык адам ар кандай жаракаттарды алган. 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болуп, жүздөгөн үй-бүлө башпаанексиз калды.

Кыргыз бийлиги тургундарга үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүүнү убадалаганы менен ал убагында аткарылган жок. Жаңы жылда да туугандарыныкында же батирлерде жашап, үйүнүн курулуп бүтүшүн күтүп жаткан баткендиктердин саны арбын болду. Алар курулуш иштерин тездетүүнү жана чек ара көйгөйүн чечүүнү талап кылышкан.

24-февралга карата жаңдалда 332 үй жаңыдан кулуруп, колдонууга берилди. Калган 86 үйдүн курулушу марттын аягында бүтөрү айтылды.

Жалпысынан куралдуу жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 млн сом деп бааланган.