Бишкек: Аялдардын укугу үчүн маршта ЛГБТнын символикасы менен жүргөн киши кармалды

8-мартта Бишкекте аялдардын укугу үчүн жөө жүрүштө милиция ЛГБТ символикасы менен жүргөн кишини кармап кетишти. Ал эмне себептен кармалганы азырынча белгисиз.

Мындан тышкары, «Клооптун» маршты чагылдырып жүргөн кабарчылары милиция украин тилинде плакаттарды же ЛГБТнын символикасы менен жүргөн жарандарга тандап келип жолугуп жатышканын айтышууда.

Жылда өтүүчү жүрүш спорт ордосунун алдынан башталды. Жүрүштүн катышуучулары эксплуатациядан, бийликтин өкүм зордугунан бошотуу, сөз эркиндигин камсыздоо жана зомбулукту токтотуу чакырыктары менен чыгышты.