Режиссёр, сценарист Марат Сарулу дүйнө салды

«Кош болуңуз, Марат ага! Сиздин бул эмгектериңиз жана жаркын элесиңиз ар дайым элдин эсинде жашайт» — деп белгилешти «Кыргызфильм» киностудиясынан.

Марат Сарулу. Сүрөт: Маданият министрлигинин басма сөз кызматы

Анын Актан Абдыкалыков менен бирге тарткан «Бешкемпир» аттуу кинокартинасы 1998-жылы Локарнодо (Швейцария) өткөн эл аралык фестивалда «Күмүш илбирс» сыйлыгын алган. Ошондой эле тасма Алматыда өткөн Евразия кинофестивалында баш байгени жеңип алган, мындан тышкары, 18ден ашык эл аралык сыйлыктарга ээ болгон. Сарулунун «Мария», «Акыркы көч», «Эне» аттуу көркөм жана документалдуу тасмалары дагы эл аралык деңгээлде таанылган.

Бешкемпир кинотасмасы

Ошондой эле Сарулу студенттерге сабак өтүп, режиссёрлордун бир канча муунун тарбиялап чыгарган.

Анын окуучулары жана кесиптештери социалдык тармактарда режиссёрдун жакындарына көңүл айтып жатышат.

Марат Сарулу менен коштошуу зыйнаты 11- мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында өтөт.