Өзбекстанда 5 айдан бери барымтада отурган кыргызстандык табылып, мекенине кайтарылды

Коңшу Өзбекстанга уурдалып барып, 5 айдан бери барымтада отурган кыргызстандык мекенине келди. Аны бошотуу үчүн жакындарынан 50 миң доллар талап кылышкан. Маалыматты 10-мартта УКМКдан кабарлашты.

Комитеттин маалыматы боюнча, 28-февралда УКМКга Кыргызстандын жараны кайрылып, агасын белгисиз бирөөлөр Өзбекстанга уурдап кетишкенин, барымтада кармалып турганын айткан.

Эки өлкөнүн атайын кызматынын биргелешкен ишинин негизинде, 2022-жылдын 23-октябрында эки киши «алдоо жолу» менен кыргызстандыкты Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы «Баймак» өткөрмө пункту аркылуу Өзбекстанга алып кеткени белгилүү болгон.

«Мени “алдоо жолу” менен, жада калса паспортума да акча беришип алып чыгып кеткенин өзүм сезбей калдым, алданып калдым. “Чогуу иштешебиз” деп айтышып, бирок Өзбекстанга барганда бир жумадан кийин мени камакка үй камагына алышты», — деп айтат барымтада отурган жаран.

7-мартта кыргызстандык мекенине алынып келинип, жакындарына өткөрүлүп берилген.

Ал эми кылмышка шектелип коңшу өлкөнүн Наманган облусунун эки жараны кармалган. Алар Өзбекстандын УКМКсынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.