Депутат Абировдун катышканы айтылган мушташуу боюнча эки киши кармалды

Шектүүлөр. Сүрөт: Бишкек ШИИБ

Депутат Жаныбек Абиров катышканы айтылган мушташууга шектүү катары эки киши кармалды. Бул тууралуу 14-мартта «Клоопко» Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган окуя боюнча «Бейбаштык» беренеси менен козголгон кылмыш иштин негизинде издөө иштери жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгы менен, 35 жана 36 жаштагы эки жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Kaktus.Media басылмасы күч структурасынын кызматкерлерине таянып, алар Жогорку соттун мурдагы төрайымы Жаңыл Алиеванын уулу Данияр Аксамаев жана буга чейин Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик департаментинин директорунун орун басары болуп эмгектенген, Жогорку Кеңешке шайлоодогу Абировдун расмий өкүлү Эрбол Пазылов экенин билдирди.

Милициядан учурда кылмыш иштин жагдайларын толук аныктоо жана башка тиешеси бар адамдардын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн тергөө чаралары жүргүзүлүп жатканын белгилешти.

Ал эми видеодогу киши депутат Жаныбек Абиров же ал эмес экени тууралуу милициядан маалымат беришкен жок.

«Клооп» буга чейин дагы Абировдун өзү менен байланышууга аракет кылган, бирок мындан жыйынтык чыкпай келет.

Буга чейин, 12-мартта, соцтармактарда бир топ эркек кишилердин мушташкан видеосу тараган. «Короче» телеграм каналы видеодогу белгисиз адамды муштап, сабап жаткан киши эл өкүлү Жаныбек Абировго окшош экенин жазган.

Октябрь райондук милициясы 12-март түнкү саат 03:30 чамасында белгисиз адам Элебаев көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде коомдук тартипти жана жүрүм-турум нормаларын бузуп, жарандын денесине залал келтиргенин билдирген.

13-мартта президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине депутат Абировдун ишин ар тараптуу иликтөөнү тапшырган. Анын айтымында, «бул жүрүм-турум мындай рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт».

ТЕМА БОЮНЧА:

ЖМК: Депутат Жаныбек Абировго окшош киши Бишкектеги кафелердин биринде күзөтчүнү сабаган

Президент депутат Абиров жаранды сабаганы тууралуу окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырды