Жапаров «Кумтөр» боюнча кармалгандар жөнүндө: Буларды түрмөдө чирители деген эч кимдин ою жок

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик басылмасына кезектеги жолу маек курду. Анда «Кумтөрдөгү» коррупция жана кендин мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн кармалышы тууралуу комментарий берди.

Жапаровдун айтымында, көзөмөл системасы жакшы коюлгандыктан «Кумтөрдөн» алтынды эч ким уурдай албайт. Бирок ал жакта акча уурулуктар болгон. Муну президент адамдык фактор деп сыпаттады.

«[…] Тоокенде башка толтура кызмат көрсөтүүлөр болот. Ушул маселелерден акчалар уурдалган, пендечилик экен да. Бул эми адамдык фактор. Мамлекет билбей калат дешсе керек. Жакшылап, көздү чоң ачып текшерсе, баары чыгат», — сказал Жапаров.

Ошондой эле, ал Бөлтүрүктү кызматка койгон күндөн баштап камалганга чейин, таза иште деген талап койгонун айтты.

«Тилекке каршы, ушундай болду. Мен билгенден он чакты адам камакта. Азыр эми камалгандардын баары чыгымды ордуна коюп коюшсун. “Бир топ сумма кайтарылды” деп бир апта мурда башкы прокурор айтып атты эле. Толук кайтарып коюшсун. Андан кийин укук коргоо менен сот органдары үй камагына чыгаруу маселесин карашса керек? Буларды түрмөдө чирители деген эч кимдин ою жок», — деп кошумчалады президент.

Бөлтүрүктүн камалышы

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компанини» 2021-жылдын 17-майынан тарта жетектеген — дал ушул күнү бийлик кенге сырткы башкаруу киргизген. 2022-жылдын 24-августунда минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу кызматынан четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон.

Өткөн жылдын 13-сентябрында Башкы прокуратура Кумтөр кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы Тенгиз Бөлтүрүк менен жетекчиликтин эки өкүлүн кармаган. Бөлтүрүк болсо өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин «абсурд» деп атап, кол алдындагылардын баары үчүн жооп бере албасын билдирген.

Соттун акыркы чечимине ылайык Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-майына чейин камакта болот.