«1 млрд сом зыян». Башкы прокуратура «Кумтөрдөгү» текшерүүдөн кийин үч кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура Кумтөр кенин ишткеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүсүнүн жыйынтыгында үч кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 13-сентябрда башкы көзөмөл органданды басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш иштери убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча козголгон.

«Алдын ала эсептөө боюнча, аталган коомдун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталган», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

«Кумтөрдү» текшерүү

Башкы прокуратура «Кумтөрдүн» ишин августтун аягында текшерип баштаган. Анда финансылык мыйзам бузуулар аныкталгандыктан кенде жетекчилик алмашкан. 2021-жылдын майында кендин сырткы башкаруучусу болуп дайындалган Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан бошотулган.

Ал эми 2022-жылдын 25-августунда минкаб кенде тышкы башкарууну алган — ал 2021-жылдын 17-майында киргизилген болчу. «Кумтор Голд Компанинин» жаңы жетекчиси болуп Алмаз Барыктабасов, ал эми башкармалыктын төрагасы болуп Болотбек Идирисов дайындалган. Барыктабасов кызматка дайындалганга чейин КГКнын техникалык тейлөө бөлүмүн, ал эми Идирисов компаниянын башкы менеджери болуп иштеп келгени белгилүү.

«Кумтөрдө» финансылык мыйзам бузуулар аныкталып,  баасы 1 млрд доллардан ашык сумманы түзгөн 19,2 тонна алтын алтындын сатылганына байланыштуу чуунун шартында депутаттар менен оппозиция бийликтен отчёт берүүнү талап кылган. Бул талаптарга президент Садыр Жапаров жооп катары бул маселе боюнча комиссия түзүп, ал жакка оппозициянын мүчөлөрүн киргизүүнү сунуштаган.

Тема боюнча: Равшан Жээнбеков: Оппозиция алтындын сатылышын текшерүү боюнча комиссияны жетектөөгө даяр