«Мени эки жылдан бери коркутуп келишет». Тенгиз Бөлтүрүк УКМКнын ТИЗОсунан кат жазды

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКнын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк УКМКнын ТИЗОсунан судьяга жана комиссиянын мүчөлөрүнө кат жазды. Анын жазган катын жубайы Фейсбук барагына жарыялады.

Катта Бөлтүрүк тергөө аяктаганга чейин өзүн үй камагына чыгарууну суранып, тергөө менен активдүү кызматташууну убадалады.

Бөлтүрүк 2020-жылы Кумтөрдү кайтарууга жардам берүү үчүн президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кыргызстанга кайтканын жазды. Анын айтымында, президент Садыр Жапаров жана минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Кумтөрдү улутташтырууда масштабдуу иш жасаган.

«Мен президенттин тапшырмасын, элдин алдындагы жарандык жана адамдык милдетимди аткардым. “Центерра” мени Онтарио сотуна бергенине карабай ушуга бардым. [...] Мен бир көлөкө түшпөгөн 35 жылдык иш репутациямды тобокелге салып, Кумтөр Голд Компанини башкарууну уланттым. Онтарио соту алардын чечимин аткарбаганым үчүн мага айып салды, ал сот иши дагы деле аяганы чыга элек. Эми мени кыргыз соту соттоп жатат. Мени саясий фигурага айлантууну каалап жатышат», — деп жазды Бөлтүрүк.

Бөлтүрүк 2021-жылы аялы жана балдары кыргыз жарандыгын алышканын белгиледи. Анын айтымында, өзү да, үй-бүлөсү да Кыргызстандан кетүүнү ойлонгон эмес.

«Оппозиция жана мен Кумтөрдөгү коррупциялык акырына бөгөт койгондор канчалык каалабасын, биз өлкөдөн чыгып кетүүгө камынбай элебиз. Мен өз өмүрүмдү, үй-бүлө мүчөлөрүмдүн өмүрүн тобокелге коюп жатам. Мени эки жылдан бери коркутуп келишет, бирок мен президенттин жана минкабдын реформаларын колдоодон артка тартпайм, жана өлкөбүзгө жаңы долбоорлорду жана олуттуу инвестицияларды тартууга жардам берүүнү улантууга даярмын», — деп жазды Бөлтүрүк.

Бөлтүрүктүн кармалышы

13-сентябрь күнү Башкы прокуратура Кумтөр кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу жана «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган. Башкы прокуратурадан Бөлтүрүк менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гюль Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов дагы кармалган.

Бөлтүрүк Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими 15-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бөлтүрүк өзү 15-сентябрда сот залында Башкы прокуратура ага карата козгогон кылмыш ишин «толук абсурд» деп атаган. Ал кол астындагылардын баарына жооп бере албасын айткан.

«Кумтөрдөгү» тышкы башкаруу

2021-жылдын 17-майында кыргыз бийлиги «Кумтөргө» сырткы башкаруу киргизген. Бийлик кенди канадалык Centerra Gold Inc иштетип жатканы «жергиликтүүлөрдүн ден соолугуна, өмүрүнө жана экологияга коркунуч жаратат» деген жүйөө кылган. Анда Тенгиз Бөлтүрүк убактылуу тышкы башкаруучу болуп дайындалган.

Буга жооп кылып Centerra Кыргызстандын бийлиги «кенди көзөмөлдөөнү дээрлик толугу менен тартып алды» деп Бөлтүрүктү, кийинчерээк Кыргызстандын өкмөтүн да сотко берген.

2022-жылдын 29-июлунда өлкө бийлиги «Кумтөр» толугу менен Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, ушуну менен кыргыз тарап канадалык Centerra Gold Inc. менен «Кумтөр» долбоору боюнча эки айры жолго түшкөн.

24-августта минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучулугунан четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон.

Ага карабастан, Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калууда. Ал бул кызматка 14-февралда келген.

25-августта минкаб кендеги тышкы башкарууну жойгон. «Кумтор Голд Компаниге» жаңы президент — Алмаз Барыктабасов, ал эми башкармалыгынын төрагасы кызматына Болотбек Идирисов дайындалган. Барктабасов бул кызматка дайындалганга чейин «Кумтөрдүн» техникалык тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси болгону, ал эми Идирисов компаниянын башкы менежери болгону белгилүү.