«19 млн сом зыян». УКМК «Электрондук күндөлүктүн» түзүүчүсүн кармады

УКМК Билим берүү министрлигинин системасына киргизилген «Электрондук күндөлүк» программасынын негиздөөчүсү кармалганын билдирди.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, шектүү өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу жана алдамчылык фактысы боюнча кармалды.

«Бул программалык камсыздоонун негиздөөчүсү материалдык жактан баюу максатында, кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алуу менен, кош бухгалтерияны колдонуп, алынган кирешелер тууралуу жалган маалыматтарды берип салыктарды төлөөдөн качкан», — деп УКМК кабарлады.

Алдамчылык схемасынын кесепетинен мамлекеттик бюджетке жылына 19 миллион сомдон ашык салык төлөмдөрү түшпөй калган. Ошондой эле шектүү шериктери менен бирге алдоо жолу менен башка түзүүчүлөрдүн акча каражатын да өзүнө ыйгарып алганы аныкталган. Шектүү 13-мартта УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.