УКМК Улуттук госпиталдын башкы дарыгерин коррупцияга шектеп кармады

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев коррупцияга жана башка бир нече мыйзамсыз иштерге шектелип кармалды. Бул тууралуу 15-мартта «Клоопко» УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн ишинде калктын социалдык жактан аярлуу катмарына зыян жана алардын укуктарын чектеген жана жеңилдиктерди алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан ар кандай коррупциялык схемалар аныкталган.

«Практикалык дарыгер болуп туруп, жеке кызыкчылыгын көздөп, бөлүм башчыларына жана дарыгерлерге адам чыдагыс шарттарды түзүп, бейтаптардан системалуу түрдө акча алууга жана ага акча которууга мыйзамсыз мажбурлап, ошондой эле бир жолку реквизицияларды жүргүзгөн», — деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Андан сырткары, Маанаевдин медицина кызматкерлеринен акча талап кылуусу боюнча 20дан ашык фактысы белгилүү болгон. Комитеттин маалыматы боюнча, шектүү мамлекеттик сатып алуулардан бюджетке 40 миллион сомдон ашык зыян келтирген.

Учурда жогоруда аталган схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Transparency International уюмунун өткөн жылга карата коррупциянын деңгээли боюнча рейтингинде Кыргызстан 2021-жылдагыдай эле 100 баллдын ичинен 27 балл алган. Башкача айтканда 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээлеген.

Өлкө акыркы орунга канчалык жакын болсо, коррупциянын деңгээли ошончолук жогору дегенди түшүндүрөт.

Улуттук статистика комитетинин 2022-жылдын экинчи жарым жылдыгынын жыйынтыгына карата маалыматына ылайык, кыргызстандыктар эң эле коррупциялашкан органдар деп Саламаттык сактоо министрлигин, ИИМди жана Мамлекеттик курулуш башкармалыгын аташкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча рейтингде 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи