Кара-Балтада белгисиз бирөө Даун синдрому бар адамга кол салды — милиция териштире баштады

18-мартта «Сантерра» борбору Чүй облусунун Кара-Балта шаарында белгисиз бирөө Даун синдрому бар кишини жерге жыгып, жакалаганы тартылган видеону жарыялады. Уюм милициядан күнөөлүүнү жазага тартууну талап кылды.

Тасмадан белгисиз киши маңдайында ачууланып турган адамдын артынан барып жулмалап, чабууга аракет кылганын көрүүгө болот. Ал эми Даун синдрому бар делген киши коргонууга аракет кылган. Шектүү аны жерге жыткызып алып, жакалап жатканда башкалар келип арачалап калган.

«Даун синдрому бар адамга кол салып, ачуусун келтирген адамдар табылып, жазаланышын талап кылабыз. Баарыбыз биргеликте Даун синдрому бар адмдарды коройлу», — дешти аталган уюмдан.

Ошондой эле «Сантерра» борборунан күнөөлүүнү жазага тартууну өлкөдөгү Даун синдрому бар балдардын ата-энелери да талап кылып жатышканын белгилешти.

Ал эми Жайыл райондук милициясынан «Клоопко» бул окуяны каттоого алганын айтып, азыркы тапта териштирүү иши жүрүп жатканын билдиришти.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Биз түрдүүбүз, бирок бирдейбиз!» - Кыргызстанда Даун синдрому бар адамдарды колдогон флешмоб өтүүдө