Орунбеков: Тамчыдагы аэропорттун тосмосун жалданма компания калыбына келтирет

Сүрөт: Видеодон скриншот

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков Тамчыдагы «Ысык-Көл» аэропортунун катуу шамалдан улам урап калган тосмосун подрядчы фирма калыбына келтирерин айтты. Бул тууралуу ал 19-мартта фейсбук барагына жазды.

Орунбековдун айтымында, аталган аэропорттун айланасына тосмо куруу үчүн «Кыргызстройсервис» ишканасы жеке подрядчы компания менен келишим түзгөн. Ал эми шамалдан улам ураган дубалдын бетондоо иштери толук бүткөн эмес болчу.

«Тосмо дубалдын кулап калышы боюнча, подрядчы фирма чыгымды өз мойнуна алат жана кайра калыбына келтирет. Калган аралыктагы дубал талапка ылайык бетондолгон. Учурда ураган дубалды тазалоо, ордун иретке келтирүү жана кайра тургузууга даярдык көрүү иштери жүрүп жатат», — деп билдирди Орунбеков.

Ошондой эле ал, «Кыргызстройсервис» ишканасы дубалдын сапатын дыкат текшерип, ал талапка жооп берсе гана кабыл алынарын кошумчалады.

Буга чейин, 18-мартта, катуу шамалдан улам Тамчыдагы «Ысык-Көл» аэропортунун тосмосунун бир бөлүгү урап калган.

Тамчыдагы аэропорт 2003-жылдын август айында ачылып, 2011-жылдын июнунда эл аралык статуска ээ болгон. Анда өкмөт аэропортту реконструкциялоого 80 миллион АКШ доллар жумшаган.

2023-жылдын январында президент Садыр Жапаров Тамчыдагы аэропортко барып, модернизациялоо долбоору менен таанышкан. Анда аэропорттун аймагын кеңейтилери, кошумча тосмолор орнотулары жана селден коргоочу жаңы курулмалар салынары кабарланган. Ошондой эле бийлик аэропортко саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турчу жаңы аэровокзал комплексин курууну пландаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Катуу шамалдан улам Тамчыдагы аэропорттун тосмосу урап калды