Активист Ырыс Жекшеналиев 25-майга чейин үй камагында калды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-мартта блогер Ырыс Жекшеналиевдин үй камагы бөгөт чарасын 25-майга чейин узартты. Адвокаты Нурбек Садыковдун айтымында, блогердин баш коргоо чарасы прокурордун өтүнүчү менен узартылды.

Ырыс Жекшеналиев сот залында. Сүрөт: Александр Александров / “Клооп”

«Сот ар эки айда айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү же узартууну карашы керек. Бүгүнкү күндө, 25-мартта буга чейинки чыгарылган баш коргоо чарасынын мөөнөтү аяктайт. Прокурор баш коргоо чарасын жана бул соттук териштирүүнү кароо мөөнөтүн узартуу боюнча арыз киргизди», — деп билдирди адвокат «Клоопко»

Ал сот тараптардын жарыш сөзүн 3-апрелге белгилегенин кошумчалады.

Активист 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар сотту активистти бошотууга, ал эми ИИМди ага карата кылмыш ишин толук токтотууга чакырышкан.