«Дизайнерлер көргөзмөсү, КВН, сармерден». Ош шаарынын бийлиги маданий иш-чараларды өткөрүүгө 5 млн сом каражат бөлдү

Ош шаарындагы Нооруз майрамына карата иш-чара, 2023-жыл 21-март. Сүрөт: Ош шаардык мэрия

2023-жылы Ош шаарында өткөрүлүүчү маданий иш-чараларга шаар бийлиги 5 миллион сом каражат бөлдү. Бул тууралуу 24-мартта «Клоопко» Ош шаардык мэриянын алдындагы маданият башкармалыгынан маалымдашты. Буга чейин «Ош-Пирим» каналынын жетекчиси Ошто өткөн Нооруз майрамын сындаган.

Маалыматка ылайык, маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу планында эл аралык деңгеээлдеги дизайнерлердин көргөзмөсү, кол өнөрчүлөрдүн фестивалы жана башка саамалыктар каралган.

«Быйыл Ош шаарында алгачкы жолу эл аралык деңгээлдеги дизайнерлердин көргөзмөсү өтөт. Ага сегиз мамлекеттен катышуучулар келет, азырынча беш өлкө жооп берди. Орозо бүтүшү менен уюштурулат», — деп билдирди мэриянын алдындагы маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркулов.

Мындан тышкары Кадыркулов быйыл Ош шаарында кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүн өткөрүү пландалып жатканын жана ага чоң каражат сарпталарын белгиледи.

«Экинчи иш чарабыз — кол өнөрчүлөрдүн фестивалын өткөрөбүз. 2022-жылдын аягында Өзбекстанда Европа, Азия өлкөлөрүнөн кол өнөрчүлөр келип, музейдин ичинде [иш-чара] өткөрүштү. [...] Буга чоң каражат кетет. Бирок аябай чоң деңгээлде кыла албасак дагы, [Өзбекстанга келгендерден] 70% кол өнөрчүнү алып келели деген ой болуп жатат», — деди ал.

Аны менен катар Кадыркулов бөлүнгөн каражаттын эсебинен «Көңүлдүү жигиттер» долбоорунун негизинде КВН уюштурулуп, Ош шаарынын мэринин кубогу тапшырыларын, жогорку окуу жайлар арасында сармерден иш-чарасы жана башка мааракелер өткөрүлөрүн билдирди.

Буга чейин, 21-мартта «Ош Пирим» телеканалынын жетекчиси Абай-Нур Большевиков Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн иш-чараны «кайталанма» деп сындап чыккан.

«Мурда мэриянын ушул сыяктуу майрамдык иш-чараларына 5-10 миң адам келип, шаңдуу-жандуу болчу эле. Акыркы кездерде андай эмес, 100-200 эле адам [келет]. Суз... Кызыксыз... Илгертеден бери кайталана берген программа. Өзгөчөлүк, жаңылык, изденүү, жандантуу жок. Ошол эле ырчы, ошол эле ыр, ошол эле кемпир, ошол эле алас айтуу, ошол эле аксакал, ошол эле бата берүү, ошол бийчилер, ошол эле сөздөр. Бирок ошол эле кезде шаардык казынадан ошол эле акчалар бөлүнөт», — деген Большевиков.

Ал эми маданият башкармалыгынын башчысы Кадыркулов мындай пикирди төгүндөп, майрамдык салтанаттарды өткөрүүдө жаңычылдыктар болуп жатканын кошумчалады.

«2021-жылы Эгемендүүлүк күнү Ош шаарында белгиленип, анын өзгөчөлүгү декорацияда болду. Ал жерде кыргыз эркин экенин [белгилеп], бүркүттүн сүрөтүн койгонбуз. [...] Ошондой эле 5-октябрь [Мугалимдер күнү] дайыма эле борбордук аянтта Лениндин эстелигинин жанында белгиленчү эле, биз ал жерден жылдырып, Ош айыл чарба институнун алдына сахна коюп, өзгөчөлөнтүп, баягыдай көпчүлүк эл жок концерт менен өткөрдүк. Орусиядан, башка коңшу мамлекеттерден ырчылар келди», — деди Кадыркулов.

2022-жылы Ош шаардык мэриясы маданият башкармалыгына 3,5 миллион сом каражат бөлүп берген. Мекеменин маалыматына ылайык, аталган каражат концерттик маданий иш-чараларга сарпталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош мэриясы Жаңы жылды белгилөө үчүн 2,7 млн сомдон ашык акча коротот