Ош мэриясы Жаңы жылды белгилөө үчүн 2,7 млн сомдон ашык акча коротот

Ош шаарынын борбордук аянты, архивдик сүрөт. Автору: Айбике Адилет кызы

Ош шаардык мэриясы Жаңы жыл майрамын белгилөө үчүн 2 млн 758 миң 375 сом жумшайт. Бул тууралуу мэриянын мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыялаган маалыматында белгилүү болду.

Мэрияга караштуу муниципалдык менчик башкармалыгы бул иш-чараларды өткөрүүгө 30-ноябрда тендер жарыялап, ага 2 млн 828 миң 375 сом коротууну пландаган. Жеке ишкер Уланбек Ахматов 2 млн 758 миң 375 сом сунуштап тендерди уткан.

Бул каражат шаардын башкы балатысын жана борбордук аянтты жасалгалоого жумшалат.

Ош мэриясынын шаан-шөкөттөрү

Ош мэриясы Жаңы жыл майрамын жыл сайын шаан-шөкөт менен өткөрүп, ага миллиондогон акчалар сарпталат. Былтыркы жылы да Жаңы жыл майрамына 3 миллион сомдон ашык каражат сарпталган.

Ал эми быйыл Нооруз майрамын белгилөөгө былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик үч эсе көп акча коротулган — 1 млн 544 миң сом. Аталган суммага сахна жасалгаланып, чыгармачыл топтун акысы төлөнгөн.

Ошол эле учурда мэрия жарыялаган тендерлерде шек жараткан учурлар болбой койбойт.

Мисалы 2021-жылдын июнунда Ош мэриясы жаштардын инновациялык борборунун ачылыш аземине карата боорсок, самса жана пирог сатып алуу үчүн тендер жарыялаган.

Ага ылайык, иш-чаранын дасторконуна мэрия 312 миң сом коротмокчу болгон. Жыйынтыгында дасторкон даярдоого тендерди эң аз баа, 180 миң сом сунуштаган «Эр-Ас-компани» курулуш компаниясы утуп алган.

Бул сумманын жарымынан көбү — 100 миң сом боорсок сатып алууга жумшалмак болгон.

Анда Ош мэриясында 35 миң сомго гана тендер жарыяланганын, ал эми техникалык катадан нөл жана үтүрлөр кошулуп калган деп жүйөө айтышкан.

Кийинчерээк Башкы прокуратура салтанаттуу иш-чарага дасторкон даярдоо боюнча тендер өткөрүүдө Ош мэриясы тарабынан бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктап, тиешелүү кызматкерлер жоопко тартылганын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө бир жылдык чектөө киргизилди