Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондундагы кеңешчи кызматынан чакыртылды

Улуттук банктын мурдагы жетекчиси Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директорунун Кыргызстандан кеңешчиси кызматынан чакыртылып алынды. Буйрука президент Садыр Жапаров кол койду.

Өлкө башчысынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мындай чечимге Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Боконтаевдин сунушу негиз болду.

Толкунбек Абдыгулов 2014-жылдан 2017-жылга чейин Улуттук Банктын төрагасы болуп келген. Кийин ал өлкөнүн биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалып, бирок 2017-жылы кайрадан Улуттук Банкты жетекчиси болгон. Ал жерде Абдыгулов 2021-жылдын сентябрына чейин иштеген. Анда Абдыгулов кызматтан өз каалоосу менен кеткени айтылган. Кийин аны Эл аралык валюта фондунун башчысынын кеңешчиси кызматына дайындашкан.

Абдыгуловдун ордуна Улуттук Банкты Кубанычбек Боконтаев жетектеп баштаган.