ЖМК: Евробиримдик Орусияга реэкспорт кылган өлкөлөргө соода чектөөлөрүн киргизиши мүмкүн

Сүрөт: Интернеттен алынды

Европа биримдиги Орусияга реэкспорт кылып, коюлган санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшкөн өлкөлөргө соода чектөөлөрүн киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу орусиялык The Bell басылмасы британиялык The Telegraph басылмасына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, эгер чектөөлөр киргизилсе, Орусияга көп санда кир жуучу машина (аларда жарым өткөргүчтөр бар), эски унаа жана фотоаппарат саткан өлкөлөргө таасирин тийгизет. Батыш өлкөлөрү Орусия ушуга окшогон башка дагы товарларды Украина менен болгон согуштагы бузулган танктарды, учкучсуз учактарды оңдоого пайдаланып жатат деп кооптонушууда.

«Үчүнчү өлкөлөрдөгү жеке жактарга жана уюмдарга ачык билдирүү жөнөтүшүбүз керек. Орусиянын аскердик жана коргонуу өнөр жай базасына материалдык колдоо көрсөтүү, алардын Евробиримдиктин рыногуна кирүүсүндө олуттуу кесепеттерге негиз болот», — деп айтылат The Telegraph талдап чыккан жашыруун документте.

Евробиримдик өзгөчө Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга товар экспортто өсүп жатканын белгилешти. Бирок кайсы бир өлкөгө чектөө киргизүүдөн мурда, Евробиримдик ошол өлкө менен дипломатиялык сүйлөшүү жүргүзүп, мыйзам бузуулардын кесепеттери жөнүндө эскертет.

The Telegraph’тын маалыматына ылайык, бул боюнча санкция дүйнөнүн кайсыл гана өлкөсү болбосун киргизилиши мүмкүн. Бирок азыр Евробиримдиктин көңүл борборунда турган мамлекеттердин арасында Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Армения, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары бар.

Орусияга санкциялардан буйтап өтүүгө катышканы үчүн Кыргызстан Батыштын санкциясына кабылуу тобокелчилиги бар экени буга чейин да айтылып келген. Бул тууралуу өткөн жылдын августунда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш эскерткен. Ага чейин июлда АКШ Кыргызстанды санкция салынган товарларды ташыган өлкөлөрдүн тизмесине киргизген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Токойчу балдар. Кыргызстан Беларуска ЕБдин санкциясын буйтап өтүүгө кантип көмөктөшүп жатат?