«Тазалыктын» экс-башчысы Сарпашов 5 млн сом зыянды төгүп, үй камагына чыкты

Бишкектин экс-вице-мэри жана «Тазалыктын» мурдагы башчысы Рыспек Сарпашов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Клоопко» борбор калаанын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Соттун маалыматына ылайык, Сарпашов 2023-жылдын 9-апрелине чейин үй камагына чыкты. Сот бул чечимин УКМКнын өтүнүчүнө байланыштуу чыгарган, себеби ал мамлекетке 5 млн 167 миң сом өлчөмүндө зыянды төлөп берген.

УКМК Сарпашовду 23-мартта коррупция, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча кармаган.

Анда коопсуздук комитетинен Сарпашов «Тазалыктын» директору болуп турган кезде өзүнүн жеке пайдасы үчүн, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен, ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди жана куйуучу-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарганын билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, унааларга бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө бөлүнгөн. УКМКдан кылмыш иши боюнча экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, «Тазалыктын» бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилгенин маалымдашкан.