УКМК Бишкектеги «Тазалык» ишканасынын мурдагы башчысы Рыспек Сарпашовду кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектин мурдагы вице-мэри жана «Тазалык» ишканасынын мурдагы жетекчиси Рыспек Сарпашовду кармады. Бул тууралуу 23-мартта УКМКдан билдиришти.

Сарпашовго коррупция, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча кылмыш иши козголду.

«С.Р.А. 2017-2018-жылдары, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору болуп турган кезде өзүнүн жеке пайдасы үчүн, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен, ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди (таштанды ташуучу унаалар, самосвалдар, жүк ташуучу унаалар) жана куйуучу-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарып салган», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Мекемеден чындыгында унааларга бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө бөлүнгөнүн кошумчалашты. УКМКдан кылмыш иши боюнча экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, «Тазалык» МИнин бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилгени аныкталганын билдиришти.

«Мындай аракеттердин натыйжасында атайын техниканын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын жетишсиздиги болгондугу, таштанды чыгарууга жооптуу тиешелүү муниципалдык кызматтардын туура эмес иштешине түрткү болгон. Жарандар таштандылардын көп топтолуп, өз убагында чыгарылбай жаткандыгы боюнча бир нече жолу арызданышкан», — деп кабарлашты атайын кызматтан.

Сарпашов УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди.

Рыспек Сарпашев «Тазалык» муниципалдык ишканасын ар башка жылдарда башкарган, алгач 2010-жылдан 2012-жылга чейин, кийин 2014-жылдан 2018-жылга чейин. 2018-жылдын августунан тарта 2019-жылдын октябрына чейин борбор калаанын вице-мэри болгон, кийин «Тазалыкка» кайтып, 2021-жылга чейин иштеген.