Бишкекте жерлерин мыйзамдаштырып берүүнү талап кылган жарандардын митинги өттү

27-мартта борбор калаанын Достоевский жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Көк-Жар 2 конушунун 30 чакты тургуну Башкы прокуратуранын имаратынын алдында митингге чыгышты. Алар сатып алган жерлерин мыйзамдаштырып, «Кызыл китеп» берүүнү талап кылышты – жеке менчик жерге ээлик кылуу укугу.

Чогулгандар «Клоопко» Достоевский жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакка үй куруп отурукташып калганын айтышты. Алар үй турган жерлерин мыйзамдуу сатып алышканын, бирок «Кызыл китептери» жок болуп атканын айтышты. Алардын айтымында, «Кызыл китеп» талап кылып жаткан жерлеринде 4-10 жылдан бери жашашат.

Мындан тышкары, тургундар кошунасы Султан Оморовду мурдараак милиция кармап кеткени үчүн да митингге чыгышканын билдиришти. Алардын айтымында, Оморов тургундар тарабынан конуштун аймагына инфраструктура тартуу жана жерлерди мыйзамдаштыруу сыяктуу иштерге жооптуу киши катары шайланган. Митингге чогулгандар конушка коммуникация тартуу үчүн акча чогултуп, Оморовго өткөрүп беришкен.

Милиция эмне дейт?

Чүй ОИИБнин маалыматына ылайык, Оморов 24-мартта кармалган, ал айыл-чарба багытындагы 1,5 гектар жерди басып алууга шектелип жатат.

Факт «Бөтөн жер тилкени күч менен басып алуу жана айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш жүргүзүү» беренеси менен катталып, Оморов убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бул жер тууралуу дагы эмнелер белгилүү?

Буга чейин депутат Дастан Бекешев бул жер тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен алынган маалыматты жарыялаган.

Документте шаар куруу боюнча аймактык башкармалык Ахунбаев — Достоевский — Анкара — Алтын-Ордо-1 көчөлөрүнө жанаша жайгашкан жерди «айыл-чарба багытындагы» категориядан «калктуу конуштун» категориясына которуу үчүн турак үйлөрдү куруунун эскизин даярдаганы айтылган.

Аталган реформа минкабдын жер мунапысын жүргүзүү жөнүндөгү токтомуна ылайык жүргүзүлүп жатат.

Бекешев аталган жерде курулуш башталышы мүмкүн деп болгоологон.