Кемпир-Абад иши. Активист Маматаев операциядан кийин тергөө абагына кайтарылды

Активист жана Кемпир-Абад ишинин фигуранты Улукбек Маматаев операциядан кийин тергөө абагына кайтарылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын башчысы Аскат Эгембердиев «Азаттыкка» билдирди.

Анткен менен Маматаевдин адвокаты Асел Аргымбаева активист медициналык кароодо болушу керектигин, ошондуктан аны ТИЗО-1дин башчысынан Улуттук госпиталга которууну суранып жатканын айтты.

«Ооруканадан бүгүн эле [29-мартта] чыкты. Аны кайра эле тергөө абагына алып кетишти. [...] Мен учурда №1 тергөө абагынын жетекчисине кат жазып, Маматаевди Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө которуусун сурандым. Азырынча жооп ала элекмин», — деди адвокат.

ТИЗО-де кармалып турган Маматаев ооруканага март айынын ортосунда жаткырылган. Анда укук коргоочу Азиза Абдирасулова Маматаевдин өт баштыкчасында «чоң таш» табылганын, ал жарылып кетиши мүмкүн болуп турганын билдирген.

Маматаев медициналык операциядан кийин кайра тергөө абагына кайтарылган Кемпир-Абад ишинин жалгыз фигуранты эмес. Азыр ал жакта Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулова да бар, анткен менен врачтар аны дагы камакта кармоого тыюу салышкан болчу. Ал иммунитети түшүп кеткендиктен пневмонияга чалдыкканы белгилүү болгон. Укук коргоочулар аны ооруканага которууну талап кылышууда.

Кемпир Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан. Алардын баары суу сактагычтын Өзбекстанга өтүшүн ачык сындашканы камакка алууга негиз болду деп эсептешет.

Ал эми тергөө Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин жолугушуусунан жаздырып алынган аудиого таянып, алар толук масштабдуу митингдерди уюштуруп (буга өлкөнүн мыйзамдары тыюу салбайт), бийликти басып алууну каалашкан деп айтууда.

Бирок кармалгандардын баары эле тергөө айтып жаткан комитеттин жолугушуусунда болгон эмес жана баары эле аталган комитеттин мүчөсү эмес. Анткени менен бардык фигуранттардын айыптоо корутундулары бирдей эле. Алардын баары тең бирдей чечимдердин негизинде төрт айдан бери ТИЗОдо отурат.