Ош: Браконьерлерден бошотулган тыйын чычкандар сейил бакка коё берилди

Ош шаарында браконьерлерден куткарылган тыйын чычкандар Токтогул Сатылганов сейил багына коё берилди. Бул тууралуу 28-мартта «Турмуш» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, 27-мартта «Достук» көзөмөл өткөрмө бекетинен 13 тыйын чычканды Өзбекстанга мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган браконьерлер кармалган.

Ал эми 28-март күнү өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери тыйын чычкандарды сейил бакка коё беришти.

Аталган бөлүмдүн башчысы Хамид Култаев тургундарды жаныбарларга карата аяр мамиле жасоого чакырды.

«Ош шаарынын тургундарынын жаратылышка болгон сүйүүсүн өзгөртүү үчүн алып келип, коё бердик. Жалпы шаардын элинен суранат элек, тыйын чычкандарга жакшы мамиле кылып, кармабай, бир нерселерди бере турган болсо, парктын администрациясы менен кеңешип, карап беришсе, — деди ал.

Култаев мындай иш-чаралар уланат деп белгиледи.