Памирден көчүп келген жарандын сабалышын милиция иликтей баштады

Жабырлануучу Нурмухаммед Султанов. Сүрөт: Зарылбек Шермаматов

Милиция Бишкек шаарындагы Алтын-Казык конушунда Памирден көчүп келген 21 жаштагы Нурмухаммед Султановдун сабалышын иликтей баштады. Бул тууралуу «Клоопко» 29-мартта Биринчи май РИИБден билдиришти.

Жабырлануучунун атасы Мухаммед Иса Алишеров «Клоопко» окуя 25-март күнү жамаат менен окула турчу кечки намаздан чыккандан кийин болгонун айтты.

«Окуя Тараба намаздан чыккандан кийин болгон. “Теспени туура эмес тарткансың” дегенби, чал балага эле асылып туруп алат. Анан калп жерден “мени урду” деп балдарына чалып, аларга токмоктоткон. Окуя болгон күнү милицияга кайрылганыбызда "ишти биринчи күндөн карап баштайбыз" деп коюшкан. Милиция арызды дароо кабыл алып, ишти баштаганда окуя мынтип көтөрүлүп кетмек эмес. Азыр эми кайра [шектүү тарап] өздөрү кечирим сурап жатышат, бала жакшы болуп чыкканга чейин арызды кайтарбайбыз», — деди Алишеров.

Ошондой эле ал уулу бөйрөгүнөн жабыркап, Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүндө дарыланып жатканын айтып, сынган жери жок экенин кошумчалады.

Ал эми жабырлануучу Нурмухаммед Султанов өзү маек берип, чыр намаз учурунда сөздөрдү туура эмес айтып алгандан кийин келип чыкканын билдирди. Султанов мечиттен чыгып бара жатканда бир киши улам «жаттап, анан мечитке келиш керек» деп айтканын, окуя ошондон улам ырбап кеткенин белгиледи.

«Ага “байке, андай болсо балдарыңызды мечитке чакырбайсызбы” дедим. Ошентип эле айттым. Анан “эмне тажиктер Кыргызстанга келип көөп, кыйын болуп кеттиңерби?” дей баштады. Менин да ачуум келип, “андай дебеңиз” дедим, анан жанагы сөзүмөн кийин мени кармап алды эле, “коё бериңиз” десем болбогонунан кичине түртүп, чапканмын. Анан эле балдарына чалып, аркы көчө менен кетти. Үйгө жетип калганда балдары чыгып, фонарик менен бирөөсү келип “атамды чаптыңбы?” деди. “Байке, кечирип койгула” деп айттым. Ага чейин эле сабап кетти», — деп билдирди Султанов.

Биринчи май РИИБден жабырлануучу тарап милицияга 26-мартта арыз менен кайрылганын тастыкташты.

Окуя милицияга катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда териштирүү уланып жатат.