Сузак: Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Калмаматов мыйзамсыз жер сатууга шектелип кармалды

Жалал-Абад обулусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мирланбек Калмаматов мыйзамсыз жер сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу 29-мартта «Клоопко» Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук филиалынын кызматкерлери менен алдын ала макулдашып, жасалма токтомдор менен турак-жай куруу үчүн 6 гектардан ашык жер тилкесин акчалай сыйлык үчүн мыйзамсыз бөлүп берген.

Аны менен катар тергөө тобу Калмаматовдун үйүндө тинтүү иштерин жүргүзүп, кылмыш ишке тиешеси бар «жасалма» документтерди табышкан. Ошондой эле ал, ок атуучу жана травматикалык куралдарды, ок дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөнү аныкталганы айтылды.

УКМКдан учурда аталган кызмат адамдарынын кылмыш иштеринин башка фактыларын аныктоо үчүн тергөө иштери жүрүп жатканын белгилешти.

Билдирүүгө караганда, айыл-чарба багытындагы жер тилкелерин, жайыттарды жеке турак-жай куруу үчүн бөлүп берүү жөнүндө токтомдор мыйзамсыз болуп эсептелет. Буга байланыштуу комитет Сузак районунун тургундарын коррупциялык схемага тиешеси бар адамдарды жоопко тартуу боюнча тергөө иштерине көмөк көрсөтүүгө чакырат.

2021-жылы 31-мартта Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты менен Калмаматовго ысымы уйкаш аймактын башчысынын ортосунда келишпестик болуп, «Ээнбаштык» беренеси менен иш козголгон.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылы 24-февралда, Жалал-Абад облусунун Сузак райондук архитектура башкармалыгынын адиси айыл чарба өндүрүшүнө арналган эки жер тилкесин курулуш үчүн мыйзамсыз сатып жибергени аныкталган.

Анын иштеген жерин тинтүү учурунда Сузак айылындагы жер тилкелери боюнча жасалмалоо белгиси бар 200дөн ашык документ табылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сузак: Архитектура башкармалыгынын кызматкери жер тилкесин мыйзамсыз сатууга шектелип кармалды