Видео: Окумуштуу-хирургдар Мамбет Мамакеев жана Эрнст Акрамов 42 жылдык таарынычтан кийин элдешти

Эл баатырлары, залкар окумуштуу-хирургдар Мамбет Мамакеев жана Эрнст Акрамов 42 жылдык таарынычтан кийин жолугуп, элдешти. Бул тууралуу 29-мартта «Кактус» басылмасы жазды.

Акрамов Мамакеевдин окуучусу, алар 42 жыл бою таарынычтан улам сүйлөшпөй жүрүшкөн — себебин өздөрү гана билет. Дээрлик жарым кылымдан кийинки жолугушууну Мамакеев өзү демилгелеп, алар 17-мартта жолуккан.

Экөө жолукканда агайы окуучусунун пешенесинен өөп, кандай жүргөнүн сурап, жакшы сөздөрүн айткан.

Ошондой эле жолугушууда Мамбет Мамакеев Чүй облустук ооруканасына Акрамовдун ысымын ыйгарууга жардам берүүнү убада кылган. Облустук оорукананын жамааты жолугушуу медицина тармагындагы тарыхый окуя болгонун белгилешти.