Айзаданын өлүмү: Апрелде милициянын шалаакылыгы боюнча иш эскирет, тергөө болсо аяктай элек

5-апрелде Айзада Канатбекованын киши колдуу болгонуна эки жыл толот. Дагы үч күндөн кийин, тагыраагы, 8-апрелде Бишкектин Биринчи май РИИБнин милиционерлеринин шалаакылыгы боюнча козголгон кылмыш ишинин мөөнөтү эскирет — милициянын Канатбекованы издөөдөгү шалаакылыгы кыздын өлүмүнө алып келген.

«Тергөөдөн дайын жок»

Шалаакылык боюнча ишти УКМКнын шаардык башкармалыгы тергеп жатат, бул иш арадан эки жыл өтсө да сотко өтө элек. Адвокат Нурбек Токтакунов бүгүнкү күнгө чейин ким кайсы берене боюнча жоопко тартылары белгисиз дейт.

«Биз кылмыштын мөөнөтү эскирип кетерин түшүнгөнбүз, ошондуктан тынбай тергөөнү каккылап, Башпрокуратурага, сот органдарына кайрылып жаттык. Иштин мөөнөтү эскирип кетерин, [кийин] ошого таянып коюшарын түшүнгөнбүз. Анткен менен жарандык арыз берүү мүмкүнчүлүгү калууда, бирок биз аны кылмыш иши боюнча кылгыбыз келген», — деди Токтакунов.

Анын айтымында, жабырлануучу тарап Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылган. 2023-жылдын 9-январында сот иликтөө жүргүзүп, жабырлануучу тарапка маалымат берип турууга милдеттендирген.

«Ошондон кийин тергөөчү иликтөө жүргүзөрүн, милициядан кимдир бирөөнү жоопко тартарын айткан. Биз ал ким болорун да билбейбиз. Ошондон бери тергөөдөн дайын жок», — деп билдирди жактоочу.

«Кыймылдап да коюшкан эмес»

Айзаданын өлүмүнө жол берген милиционерлердин ишинде шалаакылык эле эмес, жооптуу кызмат адамдарынын, атап айтканда, Биринчи май РИИБнин мурдагы начальниги Акылбек Казакеев менен Бишкек ШИИБдин экс-башчысы Бакыт Матмусаевдин документтерди жасалмалашканы дагы бар дейт Токтакунов. Алар Канатбекова киши колдуу болуп, коомчулукта чуу көтөрүлгөндөн кийин ээлеген кызматтарынан бошотулган. Бирок 2022-жылдын февралында Матмусаев ИИМдин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.

«Окуя резонанс жараткандан кийин алар Айзаданы активдүү издеп жатабыз деп документтерди жасалмалай коюшкан. А бирок, башка көптөгөн маалыматтар боюнча, кыймылдап да коюшкан эмес. Буга [документтерди жасалмалоого] прокуратура кызматкерлери да тартылган. Ал жерде толгон-токой бузуулар бар — шалаакылык, кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана документтерди жасалмалоо боюнча», — дейт адвокат бул мыйзам бузуулар боюнча милицияонерлерди жоопко тартууну талап кыларын кошумчалап.

Токтакунов тергөөчүлөр менен мамлекеттик айыптоочулар жабырлануучу тараптан тергөө тууралуу маалыматты жашырып, «көшөгө артында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат» деп эсептейт. Адвокат тергөө жабырлануучу тарапты күнөөлүүлөрдү жоопко тартарын айтып сооротуп гана жатат дейт, анткен менен юрист өзү тергөө кийин иштин мөөнөтү 8-апрелде өтүп кеткен деп «кол шилтеп коюш» үчүн убакытты созууда деп шектенүүдө.

Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү

Айзада Канатбекова 2021-жылдын 5-апрелинде таңкы саат 5те уурдалган. Анын апасы Назгүл Шакенованын айтымында, ал милицияга кайрылганда, «алар "ачуу басар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар" деп күлүшкөн.

Айзаданын апасы кызын уурдагандарды билгендиктен, анын ким экенин милицияга айткан — ал буга чейин эле Айзада Канатбекованын артынан аңдып, уурдап кетүүгө аракет кылып жүргөн, бир канча жолу соттолгон Замирбек Теңизбаев болгон. Аңдуулардан корккон кыз Кыргызстандан кетүүнү чечкен — ал Түркияга билет да алып койгон.

Кылмышты көчөдө илинген камералар тартып калган — машинанын номери жана канча киши уурдаганы белгилүү болгон.

7-апрелде Бишкекке жакын жердеги талаада автоунаа табылган, анын ичинде кыздын сөөгү болгон. Ошол эле унаада Айзаданы ала качкан Замирбек Теңизбаевдин да сөөгү табылган. Унаа ал жерде бир нече күндөн бери токтоп турганы маалым болгон. Бирок кыздын сөөгү табылардан бир күн мурун тергөөчү Айзаданын апасына кызы тирүү жана сак-саламатта экенин айтып ишендирген.

Кыздын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү жана милициянын аракетсиздиги коомчулукту дүрбөткөн жана укук коргоо органдарынын ишине нааразычылыкты жараткан.

Кыздын сөөгү табылган күндүн эртеси укук коргоо органдарынын аракетсиздигине нааразы болгон жүздөгөн жарандар Ош жана Бишкек шаарларында митингге чыккан. Чогулгандар Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаев менен Ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан.

2021-жылдын 10-апрелинде, ээлеген кызматтарынан ИИМдин 12 жетекчиси жана кызматкери бошотулган, 27 милиционер «Кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү» тартиптик жазасын алган. Ошондой эле, 5 кызматкерге «Катуу сөгүш берилген».

Айзада Канатбекованын киши колдуу болушуна байланыштуу кылмыш иши аны уурдап, андан соң өлтүргөн Замирбек Теңизбаевдин көз жумганына байланыштуу токтотулган. Теңизбаев өз жанын кыйган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Айзада Канатбекованы уурдоого айыпталган беш адамды күнөөлүү деп тапкан. Алардын бардыгы 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылган. Алар бул чечимге даттануу келтиришип, бирок Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Тема боюнча окуңуз: Кээде кайтып келишет. Чуулгандан улам иштен алынып, кайра чоң кызматка келген миллиционерлер

Милиция Айзада өлтүрүлгөн жерден тартылган сүрөттүн жайылып кетишин териштирет