ӨКМ: Жалал-Абаддагы кооптуу аймакта жашаган тургундар көчүрүлөт

Жалал-Абад облусундагы жер көчкү, сел жүрүү, таш кулоо коркунучу бар аймакта жашаган тургундар жапырт коопсуз жайга көчүрүлөт. Бул тууралуу 29-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, адистер жаз мезгилинде облустагы кооптуу делген аймактарда изилдөөлөрдү жүргүзүп, тургундарды көчүрүү зарыл экенин билдирген.

Көчүрүү ишине облустук жана райондук жарандык коргонуу, көчүрүү комиссиялары тартылып, бул боюнча тургундарга эскертүү беришти.

ӨКМдин маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында 1169 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. Алардын көпчүлүгү — Сузак жана Базар-Коргон районунун жашоочулары.

Буга чейин, 23-мартта Оштун Өзгөн районунда жер көчкү жүрүп, өзгөчө кырдаал киргизилген. Карл Маркс айылынын 195 тургуну Куршаб айылына көчүрүлгөн.

Анда жер көчкү тургундардын үйүнө 300 метрдей жетпей калганы кабарланган. Кийин көчкү жылып отуруп, турак-жайларга 120 метрдей жакындап калганы айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөн: Карл-Маркс айылында жер көчкүдөн улам өзгөчө кырдаал киргизилип, тургундар эвакуацияланды

ӨКМ жер көчкү жүрүү коркунучу бар 44 аймакта кырсыкты алдын алуу боюнча ири долбоор баштады