«Куран окула баштаган». Ош мэриясы жерде отуруп калган аял кызматкердин чоо-жайын түшүндүрдү

29-мартта соцтармактарда Ош шаарынын бийлик өкүлдөрү катар тизилген отургучка отуруп, ал эми бир аял жерде отурган сүрөт тарады.

Сүрөт: Бакыт Төрөгелдинин фейсбук баракчасы

Сүрөттө отургучта отурган президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, вице-мэр Сонунбек Жунусбаев, минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана башка бийлик өкүлдөрүн көрүүгө болот.

Ал эми сол четте отурган Ош шаардык мэриянын жалпы бөлүмүнүн башчысы Масуда Айдарбекова экени белгилүү болду.

Мэриядан «Клоопко» аталган сүрөт 21-март Нооруз майрамында Куран окутуу учурунда тартылганын белгилешти.

«Бул Ноорузда сүмөлөк ачуу учурунда тартылган. Адам көп болчу. Куран окула баштаганда ким кайсыл жерде басып келе жатса ошол жерине отура калган учурда тартылып калыптыр. Эч кандай бөлүп кароо же отургузбай коюу жок», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин, 2016-жылы Ош облусунун губернатору Таалайбек Сарыбашевге жардамчысы кол чатыр кармап берип турганы тартылган сүрөт пайда болгон. Анда коомчулук бул көрүнүштү «бай-манаптык кылык-жоруктар» деп сынга алышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Атамбаев: Кыргызстандыктарды чиновниктердин «бай-манаптык кылык-жоруктары» кыжырдантууда

Маалыматтык ызы-чуу: Жээнбеков кол чатырды өзү деле көтөрө алат