«Манипуляция кылуу этикага жатпайт». Карыбек уулу Байсаловдун сынына жооп берди

31-мартта блогер Улукбек Карыбек уулу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун сынына жооп берди. Ал аткаминердин блогер жарыялаган бала бакча тууралуу видеосун «чектен чыккан» аракет деп атаганын «коомго тескери маалымат таратуу» катары баалады.

Ал Байсаловго кайрылып, маалыматты манипуляция кылуу «мамлекеттик кызматкердин этикасына жатпайт» деп эскертти.

«Ээлеп отурган кызматыңызга компетенттүүлүгүңүз жетишсиз окшойт деген ой жаралып калды. Анткени, мен эмес, тескерисинче сиз маалыматты бурмалап, жалган маалымат таратып, элди түшүнбөстүккө кептеп жатасыз. Карамагыңыздагы өкмөттү социалдык багыттагы алешемдиктерди актоо, мекемелердеги терс көрүнүштөрдү жабуу максатында, коомду манипуляция кылууга аракет жасап жаткандыгыңызды далил менен белгилеп коюуну туура көрдүм», — деди ал.

Карыбек уулу аткаминер анын «жүрүм-турумун сындамыш этип, элдин мамлекеттик мекемелерден маалымат алуу укугун чектөө идеясын ортого таштап жатат» деп эсептейт.

«Мындай аракетке сиз социалдык багытта жакшы иш алып бара албай, көзөмөл жүргүзүп, координация кыла албай, көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн жолун таба албагандыктан барып жатасыз. Сиз жана сизге окшогон компетенциясы туура келбеген мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, элдин жана журналисттердин сынынан адекваттуу чечим кабыл алып, туура реакция кылуусу оор болуп жатат», — деди ал.

Ошондой эле блогер калаадагы бала бакчага ата-энелердин чакыруусу жана ишеним тил катынын негизинде «маалымат алуу үчүн барганын» белгиледи. Ал бала бакчадагы абалга тиешелүү органдар өз баасын берет деген ниетин билдирди.

«Сиз бала бакчага тиешелүү чыгарылышта менин ал жакка кандай киргендигимди көрбөй-билбей туруп сынга албаңыз. Мен тараптан мыйзам бузуу болсо, кайсыл мыйзамды бузганымды көрсөтүп бериңиздер», — деп талап кылды блогер.

Ошондой эле ал «Байсаловго окшогон мамлекеттик кызматкерлер элдин эсебинен алган айлыгын актап иштесе, миңдеген адам мага ыйлап, жардам сурап кайрылбайт эле» деп кошумчалады.

Карыбек уулунун бакчадагы видеосу, Байсаловдун сыны

Эдил Байсалов жана Улукбек Карыбек уулу.

Буга чейин, 30-мартта Карыбек уулу борбор калаадагы бала бакчалардын биринде тартылган видео жарыялаган. Тасмадан бакчадагы балдар ойоочу аянтчанын жана ашкананын абалы начар экенин көрүүгө болот. Ата-энелер болсо бакчанын жетекчилиги жылына ар бир бала үчүн чогултушаарын айтып берген.

Аны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сындап чыккан. Ал өкмөт блогерлердин «чектен чыккан» иш-аракетине чара көрөт деп белгилеп, постуна Карыбек уулунун видеосун мисал келтирип скриншот тиркеген.

«Бир канча жылдан бери коомубузда “атың чыкпаса жер өрттө” дегендей, элдин атын жамынып, арзан таанымалдуулукту издеп, саясий упайга айланткан көрүнүш бар экени жашыруун эмес. Ушундай жүрүш менен саясий карьера жасаса болот тура деген түшүнүк пайда болуп, жаңы “жылдызчалар” пайда боло баштады. Улукбек инибиз деле шайлоого катышып, саясий амбициясы бар экенин жашырбайт. Бирок мындай жол туура эмес экенин депутат болгону дагы, депутат болом деп жатканы дагы түшүнүшү зарыл», — деген Байсалов.

Ал мамлекеттик мекемелерди чакыруусу же уруксат кагазы жок текшерүү «демократиялуу мамлекеттерде жок экенин жана мыйзам менен жашоону үйрөнүш керектигин» белгилеген.

Ал эми Билим берүү министрлигинен «Клоопко» бала бакчанын абалы тууралуу видео жарыялаган блогер Улукбек Карыбек уулу «башаламандык уюштуруп, иш тартибин бузуп жатат» деп билдиришкен.

Министрликтен өспүрүмдөр окуган билим берүү мекемелерине (бала бакча жана мектептерге) чоочун адамдардын киришине тыюу салынарын эскертишкен. Ошондой эле мекемеден бул окуя боюнча укук коргоо органдарына кайрылса болот деп белгилешкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Байсалов: Өзүн-өзү интернет жылдызы кылып дайындап алгандарды тартипке чакырышыбыз керек