Байсалов: Өзүн-өзү интернет жылдызы кылып дайындап алгандарды тартипке чакырышыбыз керек

Эдил Байсалов жана Улукбек Карыбек уулу

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өкмөт блогерлердин «чектен чыккан» иш-аракеттерине чара көрөт деп билдирди. Бул тууралуу ал 30-мартта Фейсбук барагына жазды.

Байсалов постуна блогер Улукбек Карыбек уулунун видеосун мисал келтирип, андан тартылган скриншотту тиркеди.

«Бир канча жылдан бери коомубузда “атың чыкпаса жер өрттө” дегендей, элдин атын жамынып, арзан таанымалдуулукту издеп, саясий упайга айланткан көрүнүш бар экени жашыруун эмес. Ушундай жүрүш менен саясий карьера жасаса болот тура деген түшүнүк пайда болуп, жаңы “жылдызчалар” пайда боло баштады. Улукбек инибиз деле шайлоого катышып, саясий амбициясы бар экенин жашырбайт. Бирок мындай жол туура эмес экенин депутат болгону дагы, депутат болом деп жатканы дагы түшүнүшү зарыл», — деп билдирди Байсалов.

Ал журналисттердин коомдун кызыкчылыгындагы миссиясы — «бийликтен же мамлекеттик органдан чындыкты айтып, көзөмөл жүргүзүүнү талап кылуу, ошондой эле ачык коомдун талабын аткаминерлерге жеткирип, жооп алып берүү» деп белгиледи.

Бирок минкабдын төрагасынын орун басарынын айтымында, аталган иш-аракеттин баары «демократиялуу жана маданияттуу коомдо этика жана сылык мамиле менен чечилиши шарт».

Ошондой эле ал, мамлекеттик мекемелерге чакыруусу же уруксат кагазы жок текшерүү «демократиялуу мамлекеттерде жок экенин жана мыйзам менен жашоону үйрөнүш керектигин» белгиледи.

«Мыйзамда “санитардык-эпидемиологиялык станция бир ишкананы текшерүүдөн мурда, жазуу түрүндө баланча күнү барарын маалымдайт” деп турат. Азыркы бийлик бул эски эрежелерди кайра карап чыгып, элдин саламаттыгын сактоо көзөмөлдү күчөтүп атабыз. Жеке менчик фабрика же дүкөн болобу, мамлекеттик бала бакча же ооруканабы, дүйнө жүзү боюнча кирип-чыгыш жана өзгөчө, видеого тартуу боюнча атайын чектөөлөр болот. Биз “медициналык сыр”, “жеке турмуш” жана “коммерциялык сыр” түшүнүктөрүн сыйлашыбыз абзел», — деди ал.

Сөзүнүн аягында саясатчы «соңку 30 жылда журналистика тармагы кадрдык таңкысттыкка кабылганын айтып, социалдык тармактарда чектен ашкан көрүнүштөргө сөзсүз түрдө чара көрүлөрүн» баса белгиледи.

Карыбек уулу ким?

Улукбек Карыбек уулу — блогер жана жарандык журналист. Ал журналистика тармагында 2011-жылдан бери эмгектенип келет. Адегенде ал «Манас Жаңырыгы» телеканалында иштеген, кийин «Марва» телеканалын жетектеген.

2021-жылдагы парламенттик шайлоодо «Эл Үмүтү» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн. Талапкерлердин тимесинде экинчиде туруп, бирок партия шайлоодо өтпөй калган.

Өткөн жылы август айында ЖМКга каршы арыз даттанууларды караган комиссияга блогердин үстүнөн арыз түшкөн. Аталган арыздын ээси Кыргызстандын Медициналык профсоюзунун башчысы Бермет Барктабасова блогер «бүткүл саламаттык сактоо чөйрөсүндө иштеген адистердин кадыр-баркына шек келтирип, аброюна эбегейсиз зыян тийгизди» деп белгилеген.

Бул даттанууга блогердин медиктер көрсөткөн кызматы үчүн жарандардан акча талап кылып жатканы айталган бир нече видеосу себеп болгон. Блогер өзү саламаттык сактоо тутумунун жетекчилери анын иликтөөлөрүн туура эмес кабыл алып жатат деп айткан.

Ал эми быйыл 12-январда Карыбек уулу Тажикстандан Ысык-Ата районуна көчүп келген этникалык кыргыздар тууралуу видеоматериалдын үстүнөн түшкөн арыздын негизинде милицияга сурак берген. Видеодо этникалык кыргыздардын мамлекеттик органдардын кысымы менен акча опузасына кабылганы чагылдырылган.

Блогер видео материалдарын YouTube каналына чыгарат. Каналынын 420 миңден ашык катталуучусу бар. Блогердин Бишкек шаарындагы №173 бала бакчадагы мыйзамсыз жагдайлар тууралуу үстүбүздөгү жылы 30-мартта жарыяланган видеосу бир күндүн ичинде 260 миңден ашуун көрүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Блогер Карыбек уулу кыйрылмандардын маселеси боюнча видеосуна байланыштуу сурак берди

Ош: Журналист Ыдырыс Исаков салык кызматынын инспекторунун арызы боюнча суракка чакырылды