Өспүрүмдөрдүн зордуктоого кабылышы тууралуу Бишкек ШИИБдин башчысынын билдирүүсү териштириле баштады

Ички иштер министрлиги Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевдин жашы жете элек кыздар тууралуу билдирүүсү боюнча кызматтык териштирүү баштады. Бул тууралуу 1-апрелде «Клоопко» ИИМден билдиришти.

Ногойбаев 31-мартта түз эфирдеги маалымат жыйында Бишкек шаарында зордуктоого кабылгандан беш айдан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча суроолорго жооп берген.

Ал анда жашы жете элек кыздар бойго жеткен эркектер менен «ыктыярдуу түрдө» жыныстык катнашка барарын, мындан улам «кырсыктар» катталып жатканын билдирген.

«Акыркы убактарда дайынсыз жоголгон кыздар бирөөлөр менен таанышып, анан ыктыярдуу түрдө алар менен жатып, ошондон кийин ушул сыяктуу окуялар келип чыгат. Албетте, жашы жете элек өспүрүмдөр менен жыныстык катнашта болууга жоопкерчилик каралган, андыктан эч ким жазасыз калбайт. Жада калса өз жанын кыйган кыз да турмушка чыккысы келген, бирок ал жашы жете элек болгондуктан, ушундай жагдай болуп кетти», — деп айткан Ногойбаев.

Борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын башчысынын билдирүүсүнө сын-пикирлер айтылып, соцтармактарда кызуу талкууга алынган.

«Юридикалык баа берилиши керек»

«Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова 31-мартта «Клоопко» берген маегинде ИИМдин жетекчилиги Ногойбаевдин билдирүүсүнө юридикалык баа бериши керектигин билдирген.

«Мындай билдирүү жасаган шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы бул кызматты ээлеп отурууга моралдык укугу жок. Анткени ал шаардыктардын ишенимине доо кетирди. [...] Мен президенттен жана ички иштер министринен мындай билдирүүгө юридикалык баа берүүнү суранам», — деп айткан Турдубекова.

Ошондой эле феминист Жанна Араева Ногойбаевдин билдирүүсүн Кыргызстанда бир дагы аял менен кыз «укук коргоо органдарынын коргоосунда эмес» деген коңгуроо катары баалайт экенин билдирди. Анын айтымында, милиция кызматкерлеринин көз карашы боюнча «зордукчулар — зордукчул эмес».

«Кыздарга карата зордук-зомбулук окуясында бир гана зордукчул тарап күнөөлүү! Бойго жеткен эркектин жашы жете элек кыз менен “жатышы” мүмкүн эмес, зордуктоо болгон болушу гана мүмкүн. Анткени “жатуу” жыныстык катнашка макулдук берүү дегенди билдирет, ал эми мындай учурларда жашы жете элек кыз мыйзамдуу түрдө жыныстык катнашка макулдук бере албайт», — деп билдирди ал.

Ал эми Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Борбордук Азиядагы программалык менеджери Бегайым Замирбек милициянын башчысынын билдирүүсүн «толук кандуу уятсыз виктимблейминг» деп эсептейт. Замирбектин белгилешинче, Ногойбаевдин «кылмышкерлерге карата жумшак мамилеси өлкөдө жасалган кылмыштардын бирден-бир себеби болуп саналат».

*Кылмыш, зомбулук, каргашалуу окуя үчүн күнөөнү жабыркаган тарапка оодаруу — виктимблейминг деп аталат. Виктимблеймингдин негизин «жабырлануучу башынан өткөн окуяга өзү татыктуу» деген идея түзөт.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук көрсөтүү фактылары жылдан жылга өсүп жатканын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Зордуктоодон кийин өз жанын кыйган 13 жашар кыздын иши: Шектүү, эки тергөөчү жана эксперт кармалды

Виктимблейминг деген эмне жана эмнеге зордуктоого зөөкүр гана күнөөлүү?

Сексуалдык ыдыкка кабылган балдар зөөкүр менен «элдеше» алабы? Психолог менен бирге түшүндүрөбүз