Экономика министри: Кыргызстан дүйнө менен соода алакасында бардык эрежелерди сактап келет

Данияр Амангелдиев

Кыргызстан дүйнө өлкөлөрү менен соода жүргүзүүдө бардык эл аралык эрежелерди сактап келе жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев «Азаттыкка» Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливандын Кыргызстанга жасаган иш сапары тууралуу комментарий берип жатып билдирди.

Амангелдиев министрлер кабинетинин өкүлдөрү буга чейин О'Салливан менен жолугушканын белгиледи. Анын айтымында, европалык аткаминерлер «бир нече суроолорду берип, тобокелчиликтер тууралуу эскертишти».

Бирок министр Кыргызстандын башка өлкөлөр менен соода алакасы Орусия Украинага басып киргенге чейин эле, 2021-жылдан тарта өсө баштаганын айтат. Ал буга көмүскө сооданын азайышы көбүрөөк таасир эткен деп эсептейт.

«Бирок экспорттун көбөйгөнүн да моюнга алышыбыз керек. Булар негизинен элдин керек-жарак товарлары. Биз тарифтер жана соода боюнча башкы келишим, Дүйнөлүк соода уюмунун эрежеси боюнча мамлекет өзүнүн коопсуздугу үчүн кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизе турган болсо, эмне себептен чектөө киргизип жатканы, кандай коркунуч бар экени жөнүндө сөзсүз түшүнүк да бериш керектигин айттык. Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнө “өз статистикабызды силерге бергенге даярбыз, бирок силер да ошол тизмени бизге беришиңер керек” деп, өз талабыбызды койдук. Башкача айтканда, кайсы товарлар кыйыр санкцияга туш болуп жатканы, ал эми кайсы товарлар тек турмуш-тиричилик товарлары катары келип жатканы тууралуу сурадык. Биз бул чыр-чатактын айынан өз экономикабызга зыян келтирип албашыбыз керек. Себеби, биз бир гана Орусия менен соода-сатык жүргүзбөйбүз, бир катар Европа өлкөлөрү менен да соода жүгүртүүбүз өсүп жатат», — деп билдирди Амангелдиев.

Бирок министрдин белгилешинче, Кыргызстан Батыштын санкциясына кабылган айрым товарлар Орусияга өлкө аркылуу өтпөйт деп кепилдик бере албайт.

«Кечээ да бул маселени талкууладык. Мисалы, Европада, Кореяда, Жапонияда чыгарылган кир жуугуч машинелердин тизмеси бар. Ал эми Кытайдан чыгарыла турган андай машинелердин тизмеси жок. Андай боло турган болсо, кир жуугуч машинелер такыр кирбесин деп тыюу салуу зарыл. Же болбосо компьютерлердин түрлөрүнө жараша санкция киргизиш керек да. Компьютерлердин баары кирбесин деген сөз болбош керек. Бул жерде атаандаштык жүрүп жатат: бир мамлекет өз чектөөлөрүн киргизе турган болсо, экинчи мамлекет пайда көргөнгө умтулат», — деди ал.

Амангелдиевдин айтымында, Кыргызстанда күнүмдүк турмуш-тиричиликте да, аскер өнөр жайында да колдонулган кош керектиктеги өнүмдөрдү соодалоону жөнгө салган мыйзам бар.

«Ал мыйзам аябай катуу иштейт жана жанагы товарлар боюнча биздин мамлекеттик тизме эл аралык тизмеге дал келет. Биз ошонун негизинде көзөмөл жүргүзөбүз. Аталган товарларды бир жакка чыгаруу же экспорттук тастыктамасын толтуруунун өзүнүн ачык-айкын жол-жобосу бар. Аны Батыш өлкөлөрү да жана башка ошол келишимге кирген бардык өнөктөштөрүбүз көрүп турат. Бул жөнүндө кам санабаса да болот. Биздин тизменин дал келе турганын Евробиримдиктин өкүлдөрүнө айтып, түшүндүрүп бердик», — деп жыйынтыктады министр.

Санкцияларды буйтап өтүүгө жол ачкан реэкспорт

24-мартта британиялык The Telegraph басылмасы жашыруун документке таянып, Евробиримдик Орусияга «кош керектиктеги» технологиялары бар товарларды реэкспорт кылган өлкөлөргө карата соода чектөөлөрүн киргизиши мүмкүн экенин жазган. Мында кеп негизинен кир жуучу машиналар, эски унаа жана фотоаппараттар тууралуу болууда.

Батыш өлкөлөрү Орусия ушуга окшогон башка дагы товарларды Украина менен болгон согуштагы бузулган танктарды, учкучсуз учактарды оңдоого пайдаланып жатат деп кооптонушууда.

The Telegraph’тын маалыматына ылайык, бул боюнча санкция дүйнөнүн кайсыл гана өлкөсү болбосун киргизилиши мүмкүн. Бирок азыр Евробиримдиктин көңүл борборунда турган мамлекеттердин арасында Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Армения, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары бар.

Кийинчерээк, 28-мартта Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан Кыргызстанга келип, маалымат жыйынында сөз сүйлөдү. Ал Орусия Украинага толук масштабдуу басып киргенине байланыштуу ага карата болуп көрбөгөндөй санкциялар киргизилгенин эске салып, Батыштын Орусияга каршы санкцияларын колдобогон өлкөлөрдү «буйтап өтүү үчүн аянтча» болуп калбоого чакырды.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча, Кыргызстан акыркы бир жылда Орусияга реэкспорттон 36 миллиард сом киреше тапкан.

Дагы окуңуз: Токойчу балдар. Кыргызстан Беларуска ЕБдин санкциясын буйтап өтүүгө кантип көмөктөшүп жатат?

ТЕМА БОЮНЧА:

ЖМК: Евробиримдик Орусияга реэкспорт кылган өлкөлөргө соода чектөөлөрүн киргизиши мүмкүн

Кыргызстан долларын дагы деле жоготууда. Алардын көбү Орусияга кетип жатат