Улуттук онкология жана гематология борборуна нур менен дарылоочу эки аппарат алынды

Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук онкология жана гематология борборуна аялдардын гинекологиялык ооруларын нур терапиясы менен дарылоого арналган эки заманбап аппарат алынганын билдирди.

Маалыматка ылайык, брахитерапия бөлүмүнө алынган жабдуунун баасы 1 миллион 400 еврону түзөт.

Министрликтен аппараттар гинекологиялык гана эмес, башка нур терапиясы менен дарылоого муктаж болгон бейтаптарга жардамы тиерин белгилешти. Ошондой эле, тиешелүү адистер — врачтар, инженерлер, физиктер окутуудан өткөрүлгөнүн кошумчалашты.

Аталган борбордун гинекология бөлүмүндө онкологиялык дарттар менен жылына 300 аял кайрылат. «Азаттык» басылмасы андагы бахитерапиялык жабдуу 2020-жылдын ноябрь айынан бери бузулуп, иштебей турганын, бейтаптар коңшу өлкөлөргө нур терапиясы үчүн барууга мажбур болуп келгенин жазды.

Автору: Бурулсун Жумалиева