Парламент комитети №47 абактын ордуна турак жай куруу үчүн 1 млрд сом бөлүү чечимин колдоду

3-апрелде Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети мурдагы №47 колониянын ордуна турак жайларды курууга 1 млрд сом бөлүү тууралуу Министрлер кабинетинин буйругун колдоду. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Телеграм каналында билдирди.

Анын айтымында бул акчаны Мамлекеттик ипотекалык компания алат. Турак жайлар дал ушул ипотекалык компания аркылуу сатылат.

Мындан тышкары, Бекешевдин маалыматына ылайык, парламент комитети Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигине 200 млн сом берүү чечимин колдоду. Министрлик бул акчага Республикалык радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруулар өндүрүштүк бирикмесинин алдындагы карызын жабат.

Министрлик бирикмеге 200 млн сомду социалдык пакетке кирген телеканалдарды санарип обого чыгаруу үчүн карыз болуп калган.

«Маданият министринин орун басары менин “Пирамида” жана “5-канал” телеканалдары боюнча суроомо бул каналдар жоюлушу мүмкүн деп жооп берди», — деп кошумчалады Бекешев.

Абактын ордуна турак жай

Бишкектеги №47 мурдагы түзөтүү колониясынын ордуна турак жай компдекси куруларын бийлик январдын башында эле айткан болчу. Анда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев аталган жерде 10 миң батирлүү кичи район түшөрүн билдирген.

Анын айтымында, бийлик бардык аймактарда жеткиликтүү турак жайларды куруу үчүн бюджеттен каражат бөлүүнү пландап жатат. Мындай курулуш үчүн участоктордун бири — мурдагы №47 түзөтүү колониясынын жери. Батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилет.

Ал эми апрель айында президент Садыр Жапаров абактын ордуна салына турган кичи район бир жарым жылдын ичинде бүтөрүн билдирген.