Президент: Бишкектеги мурдагы түзөтүү колониясынын ордуна салынып жаткан микрорайон 1,5 жылдан кийин бүтөт

Бишкек шаарындагы мурдагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна салынып жаткан кичрайондун курулушу бир жарым жылдан кийин бүткөрүлүп, 5500 турак жай мамлекеттик ипотекага берилет. Бул тууралуу 1-апрелде президент Садыр Жапаров билдирди.

Жапаровдун айтымында, өткөн жылы Молдовановка айылына көчүрүлгөн түзөтүү колониясынын ордуна курулган үйлөр Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 20 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.

Аны менен катар өлкө башчысы учурда Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарында дагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүрүп жатканын белгилеп, алар дагы кезекте турган жарандарга мамлекеттик ипотекага берилерин айтты.

«Мамлекеттик кызматкерби, мигрантпы же жөнөкөй ишкерби — айырмасы жок. Кыскасы, жалпы өлкө боюнча “Менин үйүм — 2021-2026” программасына ылайык, 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылабыз», — деп билдирди мамлекет башчысы.

Андан сырткары Жапаров Бишкектеги №1 тергөө абагы дагы шаар сыртына көчүрүлүп, ордуна кичирайон салынарын айтты.

Үстүбүздөгү жылдын башында президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Бишкекте мурдагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичи район куруларын билдирген.

Бул долбоор 2021-жылы күзүндө башталган «Менин үйүм 2021-2026» жаңы программасынын алкагында жүрүүдө. Ага ылайык, даяр үй алууну каалаган мамлекеттик кызматкерлерге насыя 4% үстөк менен, катышуучунун төлөй алуу мүмкүнчүлүгүнө жараша 15-25 жылдык мөөнөткө берилет.

Ал эми мамлекеттик кызматта иштебегендер үчүн бул программа боюнча турак жай жылдык үстөгү 8% менен берилет, бирок бул багыт боюнча бир гана Бишкек жана Ош шаарларында турак-жай алууга болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мурдагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичи район курулат

Садыр Жапаров: Жакынкы үч жылда бардык күч кызматкерлери ипотекалык үй менен камсыз болот

Бир кадр менен: Президент УКМКнын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды