«Дубинка менен зордуктайм». Токтогулда кармалган шектүү милиция тарабынан кыйноого кабылганына даттанды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда мал уурдоого шектелип кармалган 20 жаштагы жигит милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганын билдирди. Ал эми милициядан «Клоопко» бул маалыматты четке кагышты.

Шектүүнүн «кыйноого алынганы» тууралуу 4-апрелде Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор маалымдады.

Шектүүнүн денесиндеги көк ала тактар. Сүрөт: Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбор

Маалыматка караганда, 3-апрелде улуттук борборго Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайынан маалымат келип түшкөн. Анда 2-апрель күнү кармалган Талас шаарынын 20 жаштагы тургуну Токтогул районундагы Өзгөрүш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жана участкалык милиционер тарабынан кыйноо жана зордук-зомбулук көргөнүнө даттанган.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери шектүүнүн моюнунда, көкүрөгүндө жана колдорунда көк ала тактар ​​жана сыйрылган жерлер бар экенин аныкташкан.

Арыз ээси милиция кызматкерлери аны чыканактары жана колдору менен көкүрөгүнө урганын, ошондой эле муунтуп, мындан улам бир нече жолу эсин жоготконун айтып берген. Мындан сырткары аны «дубинка менен зордуктайбыз» деп «коркутушканын» билдирген.

Шектүү өзү Токтогул районундагы мал базарда уурдалган делген уйду сатып жаткан жеринен кармалган. Ал учурда Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, ага медициналык жардам көрсөтүү жана кыйноо фактысы боюнча Стамбул протоколун толтуруу үчүн тез жардам чакырылган. Аны менен катар андан тиешелүү арыз алынып, акт түзүлгөн.

Ал эми 5-апрелде Жалал-Абад ОИИБи «Клоопко» аталган жаранга карата кыйноо көрсөтүлгөн деген маалыматты четке какты.

Милициянын билдирүүсүнө караганда, шектүү Токтогул РИИБдин Өзгөрүш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн имаратында 1,5 сааттай кармалып, Талас ШИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ошол учурда тартылган сүрөттөрдө шектүүнүн моюнунда тактар бар экени байкалган.

Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБи

«Кармалган учурда эле бул жарандын мойнунда тактары бар экени байкалган. Ошондой эле кармоо учурунда окуяга күбө болгон жергиликтүү тургундар милиция менен кошо жүрүшкөн жана дагы кыйноолор болбогонун тастыкташат. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун Өзгөрүш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылган деген маалыматын четке кагабыз, анткени андай факт болгон эмес», — деп билдиришти милициядан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөн: Убактылуу кармоочу жайдагы эки шектүү кыйноого кабылганын билдирди, прокуратура иш козгоодон баш тартты