Өзгөн: Убактылуу кармоочу жайдагы эки шектүү кыйноого кабылганын билдирди, прокуратура иш козгоодон баш тартты

Сүрөт: Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор. 

Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып турган эки киши ур-токмокко алынганына даттанды. Бирок прокуратура бул факты боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүүлөрдүн ур-токмокко алынганы боюнча 12-декабрда маалымат келип түшкөн. Кыйноолорго каршы борбордун кызматкерлери жерине барып, кармалып тургандар менен жолугушкан.

Анда алардын биринин башында жана бетинде гематомалар аныкталган. Ал кызматкерлерге «милиционерлер аны жана башка кармалып тургандарды күнөөлөрүн мойнуна коюу үчүн бир канча жолу сабаганын» айткан.

Борбордун кызматкерлери дагы бир кармалып турган шектүү менен жолуккан, анын да мурду жагында, желкесинда жана жамбашында көк ала тактар аныкталган. Ал өзгөчө кабырга тарабы ооруп жатканына даттанган.

Мындан улам ага тез жардам чакырылып, ал рентген-изилдөөдөн өткөн. Бирок анын жыйынтыгында кабыргалары жабыркабаганы аныкталган.

Кыйноолордун алдын алуу борбору бул фактылар боюнча Өзгөн райондук прокуратурасына коштомо кат жиберген. Бирок көзөмөл органынан кылмыштын курамы жок болгондуктан иш козгоодон баш тартышкан.

Ош облустук милициясынан «Клоопко» бул окуя боюнча милицияга болгон дооматтарды четке кагышып, алардын сабалганы тастыкталбаганын айтышты. Ошондой ички иликтөө кызматы материалдарды прокуратурага өткөрүп бергенин белгилешти.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыйноолорго каршы улуттук борбор: Оштун милиция кызматкерлери аялды кармап келип сабашкан