Европа өнүктүрүү банкы Оштогу суу каналды оңдоого 17,8 млн евро бөлөт

Араван — Ак-Буура суу каналы. Сүрөт: Интернеттен алынды

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Ош облусунун Кара-Суу, Араван райондорундагы Араван — Ак-Буура каналын оңдоого жана модернизациялоого 17 млн 870 миң евро бөлөт. Бул тууралуу 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдалды.

Бул каражаттын 14 млн 130 миң евросу кредиттик келишимдин негизинде, ал эми 3 млн 740 миң евро гранттык макулдашуунун негизинде каралган.

Насыяга алынган акча каражат жалпы 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөт жана өзгөрүлмө пайыздык чен менен болот. Аталган долбоор 21 миң гектарга жакын жер аянтын суу менен камсыздоого шарт түзмөкчү.

Узундугу 31,3 чакырымды түзгөн Араван — Ак-Буура каналы 1965-жылы курулган. Канал аркылуу 15 миң гектардан ашык жерге суу жеткирилет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Европа банкы Лебединовкадагы чакан ГЭСти реконструкциялоого 13,8 млн евро бөлөт