Европа банкы Лебединовкадагы чакан ГЭСти реконструкциялоого 13,8 млн евро бөлөт

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга Лебединовкадагы чакан ГЭСти реконструкциялоого 13,8 миллион евро бөлөт. Анын 5 миллиону — грант. Бул тууралуу 4-мартта Минстрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Макулдашууга финансы министри Алмаз Бакетаев менен аталган банктын Евразия, Жакынкы Чыгыш жана Африка аймагындагы энергетика боюнча директору Аида Ситдикова кол койду.

Минкабдан маалыматына ылайык, Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо электр энергиясын өндүрүүнү жылына 53,5 ГВт/саатка чейин же 56%га көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле ГЭС Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорундагы 6 миңге жакын үйдү электр энергиясы менен камсыз кылат.

ГЭСтин кубаттуулугу 7,6 МВты түзөт. Ал 1948-жылы курулган, эки гидроагригаттан турат — бирок алардын эскилиги жеткен.

«Гидроэлектростанциядагы гидрогенераторлордун эффективдүүлүгү кыйла төмөн, натыйжада алардын электр энергиясын салыштырмалуу иштеп чыгуунун көлөмү азыраак болот (мисалы, №2 гидрогенератор 1,8 МВт иштеп чыгат, бул белгиленген кубаттуулуктан 50% төмөн)», — дешти минкабдан.

Кыргызстанда энергетикалык каатчылык бар — бул тууралуу бийлик бир нече жолу билдирген. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2024-2025-жылдарга барып энергетикалык кризистен чыгарын айткан.

Ал эми энергетиктер элди кышкысын «электр энергиясын үнөмдөөгө» чакырышкан. Бирок катуу суук болгон күндөрү электр энергиясын пайдалануу эң жогорку чекке жеткен.

Акыркы жылдары кыргыз бийлиги ГЭСтерди куруу боюнча бир катар чет элдик банктар жана инвесторлор менен келишимдерге кол койгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун жол картасына кол койду

Евразия өнүктүрүү банкы «Куланак» ГЭСтин курулушун каржылайт

Энергетика министрлиги: Кытайлык компания Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭС курат