Франция Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын 20 миңден ашык дозасын берди

Франция өкмөтү тарабынан берилген вакциналар. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Франция өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын 20 миң 800 дозасын берди. Бул тууралуу 6-апрелде «Клоопко» Республикалык эмдөө борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова билдирди. Маалыматка ылайык, учурда вакциналарды аймактарга жеткирүү иштери уланып жатат.

«Азыркы учурда түштүктөгү бардык аймактарга жөнөтүлдү. Азырынча бир гана Нарын облусуна жете элек, кийинки аптада жеткирилет. Вакцина эки дозадан турганына байланыштуу жалпы 10 миң 400 доза болот. Ошондуктан Бишкек менен Чүйдүн калкынын санынын жыштыгын эске алуу менен 2000 дозадан берилди. Ал эми башка аймактарга 800-1000 дозадан жеткирилди», — деп билдирди Ишенапысова.

Анын айтымында, аталган вакцина Европанын аймагында талап кылынганына байланыштуу жумуш жана билим алууга сапарга чыккандарды эмдөөгө басым жасалууда.

Өткөн аптада өлкөдө коронавирустун 27 жаңы учуру катталып, алардын 11и ооруканага түшкөн. Билдирүүгө караганда, бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактары коронавирустук инфекция боюнча жашыл зонада турат.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 22 084 адамга жетти. Ал эми вируска каршы толугу менен эмделгендердин саны — 1 миллион 376 миң 413 киши.

Үстүбүздөгү жылы 28-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму карыларды, кош бойлууларды жана өнөкөт оорулууларды эмдөөдөн өтүүгө чакырган.

Кыргызстанда COVID-19 илдети 2020-жылдын март айында тарап, 206 миңден ашуун адамга жукса, ал эми 3 миңдей киши каза тапкан. 2020-жылы 22-мартта өлкөдө пандемияга байланыштуу өзгөчө абал режими жарыяланып, 2022-жылы 1-ноябрда толугу менен алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бийлик COVID-19дун кезектеги толкунуна байланыштуу чектөө киргизүү планы жоктугун айтты