Президент Апрель революциясында курман болгондорду эскерди

7-апрелде президент Садыр Жапаров 2010-жылы Апрель революциясында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

«Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн иш чарага экс-президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бир нече аткаминер катышты.

2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалдарына гүл коюлуп, курман болгондорго багышталып куран окулду.

2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда революция болуп, натыйжада ошол кездеги президент Курманбек Бакиев өлкөдөн качкан. Акция учурунда митингчилерге ок атылып, 80ден ашуун адам каза тапкан. Ал эми жарадар болгондордун саны андан дээрлик 20 эсеге көп болгон.

«Клооптун» журналисттери Бишкектин борборундагы кагылышууларды тексттик хроника форматында чагылдырган жергиликтүү журналисттердин бири болушкан. Бул шилтеме аркылуу окуяны кайрадан эстеп, авторлору менен таанышсаңар болот.

Тема боюна:

«Бакиевдер келбесин». Апрелчилер «Элдик Апрель революциясы күнүн» жоюуга каршы

2010-жылдын 7-апрелиндеги бийлик алмашуу: бардык материалдар