«Бакиевдер келбесин». Апрелчилер «Элдик Апрель революциясы күнүн» жоюуга каршы

Ата-Тоо аянтына чогулгандар. Сүрөт: Түмөнбай Абдинаби уулу / «Азаттык».

4-мартта 2010-жылдагы Апрель революциясында каза болгон жана жарадар болгондордун жакындары Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулушту. 40ка чукул киши мурдагы президент Курманбек Бакиевдин өлкөгө келишине жана 7-апрелде белгиленчү «Элдик Апрель революциясы күнүн» жоюуга каршы чыгышты.

Акциянын катышуучулары алгач маркумдарга багыштап куран окуп, курман болгондорго арнылып отнотулган эстеликке гүл коюшту.

«Мекен шейиттери» коомдук бирикмесинин өкүлү Нурия Байбосунова 7-апрелиндеги революциянын кесепетинен 64 эне баласынан ажырап, 164 бала атасын жоготуп, 58 аял жесир калганын эске салды.

«Алар табигый кырсыктан эмес, Конституциянын кепили болуп, өлкөнүн табигый байлыгын коргоп, көбөйтүүгө ант берген президенттин буйругу менен атылган октон каза болушкан. Тескерисинче, Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев өлкөнүн байлыгын чачып, өздөрү үчүн байлык топтоого киришишкен. Карапайым калк нааразы боло баштаганда, эл менен ачык сүйлөшүүнүн ордуна, колдоруна кан төгүүчү куралдарды алышкан. Бакиевдердин автоматы, снайперлеринин огуна карабай өжөрлүк менен тике тургандарды жаман атты кылуу аракети болуп жатканын көрүп зээнибиз кейитет. 7-апрелди календарда кызыл күн катары калтырууну талап кылабыз», — деди ал.

Ал эми мурдагы эмгек, миграция жана жаштар министри, революциянын катышуучусу Алиясбек Алымкулов бийликте отургандар революцияда курман болгондорго асылып, кордобошу керек деген пикирин билдирди.

«Өткөндөргө асылып, тарыхты тебелеп, кордоп мамиле кылган кайсыл жакта бар эле? Биз өз тарыхыбыхды кордоо менен келечегибизди кордоп жатабыз. Каза болгондордун арасында бир дагы аткаминердин, байдын, эл өкүлүнүн баласы болгон эмес. Алар кандай бийлик болсо, мите курттай ылайыкташып кете берет. Эмне карапайым эле эле кордук көрүшү кепекпи? Андай болбойт», — деди ал.

«7-апрелдеги элдик революциянын баатырлары» коомдук бирикмесинин төрагасы Сатыбай Шерботоев Бакиевдин өлкөгө келишине караманча каршы экенин билдирди.

Майрамдарды кыскартуу жана Дубайдагы жолугушуу

Буга чейин Эмгек министрлиги айрым майрам күндөрүнүн маканын кайра караштырып, эс алуу күндөрүнө туш келген майрам күндөрүн жылдыруу тажрыйбасынан баш тартууну сунуштаган.

Ага байланыштуу министрлик 23-февралды (Ата Мекенди коргоочулар күнү), 7-апрелди (Элдик апрель революциясы күнү) жана 7-8-ноябрды (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү) кадимки иш күндөрү катары белгилөөнү сунуштаган.

Министрлик майрамдык күндөрдүн санын кыскартуу өлкө экономикасына оң таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт.

Ага чейин президент Садыр Жапаров Дубайда Кыргызстандын мурдагы жана бозгун президенттерин чогуткан. Ал саясатчыларды Кыргызстандын «ынтымагын бекемдөө үчүн» чогултканын айткан.

Көп өтпөй Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, «кечиримдүү болуу — улуу салт экенин» айтып, «ата-бабалардын наркында “атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деген сөз бар экенин» эскерткен.

Жолугушууда Бакиевди алып келүү тууралуу маселе көтөрүлгөнү тууралуу божомолдор да айтылган. Бирок ал жерде бул тема көтөрүлбөгөнүн тунгуч президент Аскар Акаев да, президенттин администрациясы дагы билдирген. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир нече майрамды, анын ичинде 23-февралды иш күнү катары жарыялоо сунушталды

Бакиевди сүйгөндөр күнү. Атамбаев эмнеге эркиндикке чыгарылган болушу мүмкүн?