Модель Акдеңиз Марат Мадоннанын клибине тартылды

Этникалык кыргыз, модель Акдеңиз Марат ырчы Мадоннанын The Enlightenment деген ырынын клибине тартылды.

24 жаштагы Акдеңиз АКШда туулуп, чоңойгон, бирок теги кыргыз. 2021-жылы ал дүйнөгө белгилүү Gucci брендинин Голивуддагы мода көрсөтүүнө катышкан моделдердин бири болгон.

Ага Жаред Лето, Маколей Калкин, Элтон Мейсон, кино жана башка мода индустриясынын жылдыздары катышкан. Алар атак-даңк аллеясынан басып өтүшкөн.