Бир кадр менен: Баткенде УКМКнын кызматкерине 35 миң доллар пара берген тургун кармалды

УКМК 11-апрелде Баткен районунун 1987-жылы туулган тургуну пара берип жаткан жеринен кармалганын билдирди.

Сүрөт: УКМК

Тергөөнүн версиясына ылайык, кармалган киши аткезчилик үчүн кармалган тууганына козголгон кылмыш ишин жаптыруу максатында УКМКнын кызматкерине 35 миң доллар пара берген.