Ысык-Көл: Экологдор аңчылык кылып жүрөт делген видео боюнча кызматтык териштирүү башталды

Ысык-Көл облусундагы туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери аңчылык кылып жүрөт делген видео боюнча кызматтык териштирүү башталды. Бул тууралуу 12-апрелде «Клоопко» облустук милициянын басма сөз кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Буга чейин социалдык тамактарда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда экологдор аңчылык кылып жүрөт делген видео тараган. Тасмадан алар жүргөн жерде кызматтык унаа дагы токтоп турганын көрүүгө болот. Соцтүйүндүн көпчүлүк колдонуучусу милициянын мындай аракетин сынга алган.

«Элди аңчылык кылбагыла деп коюшат дагы, өздөрү мылтык көтөруп, кыргоол атып жүрүшөт. Азыр кыргоолдор жумурткалап атат. Ташта мылтыкты. Элди аңдыганга кыйын. Буларды караган эч ким жок. Тигине кызматтык кийимчен жүрүшөт», — деген ал.

Эскертүү: Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов видеодогу кызматкерлердин аңчылык кылган-кылбаганы териштирүүнүн жыйынтыгы менен гана белгилүү болорун билдирди.

Усубакуновдун айтымында, кызматкерлер көрсөтмө берип, окуя болгон жерге белгисиз адам аңчылык кылып жүрөт деген билдирүүнү текшерүү үчүн барганын белгилешкен.

«Ал жерде ок атуучу курал эмес, пневматикалык мылтык менен бир адам жүрүптүр. Бирок анын жанында эч бир аң жок экен. Милиция кызматкерлери мылтыкты текшерүү үчүн кармап, басып бартканда видеого татып алган адам комментарий бериптир», — деди ал.

Усубакунов видеону соцтүйүнгө жарыялаган кишинин ким экени аныкталганын билдирди. Ал видеону жарыялаган адамдын агасы мурда мыйзамсыз аңылык кылууга шектелип кармалганын кошумчалады.

Усубакунов экологдордун аңчылык кылып жүргөнү боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу кийин маалымат берүүнү убадалады.

Буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлиги Ысык-Көл жана Нарын облустарында 2026-жылга чейин айрым жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салган. Министрлик эреже киргизилгенден кийин деңиз деңгээлинен 2 000 метрден жогору жерде ок атуучу курал алып жүрүү мыйзамсыз болорун эскерткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жаныбарларга аңчылык кылууга үч жылга тыюу салынды