Айзаданын өлтүрүлүшү: Бишкек ШИИБнин мурдагы башчысы Матмусаевге козголгон иш сотко өттү

Айзада Канатбекованын уурдалып, өлтүрүлүшүнө байлашынтуу УКМКнын тергөөчүсү, Бишкек ШИИБнин мурдагы башчысы Бакыт Матмусаевге козголгон иш сотко өттү. Бул тууралуу 12-апрелде адвокат Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, Матмусаевге карта шалаакылык боюнча козголгон ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карай турган болду.

Ал эми райондук соттун сөз кызматы «Клоопко» Матмусаевге козголгон иш соттун кароосуна келип түшкөнүн тастыктады. Биринчи отурум 25-апрелге белгиленди.

10-апрелде УКМКнын тергөөчүсү Матмусаевге шалаакылык боюнча айып таккан. Анда Токтакунов иш айыптоону бекитүү үчүн прокуратурага жөнөтүлгөнүн айткан.

«Тагылып жаткан берененин эскирүү мөөнөтү бир жылдан кийин бүтөт, ал эми териштүүрүлөр көпкө созулуп кетиши мүмкүн. Биздин сотто ишти ары чоюп-бери чоюу техникасы эң жогорку деңгээлде турат», — деген Токтакунов.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май РИИБнин милиционерлеринин шалаакылыгы боюнча козголгон кылмыш ишинин мөөнөтү эскирген — милициянын Канатбекованы издөөдөгү шалаакылыгы кыздын өлүмүнө алып келген.

Матмусаев Канатбекованын өлүмүнөн кийин өткөрүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек ШИИБдин жетекчиси кызматынан бошотулган. 2022-жылы февралда Матмусаев ички иштер органдарында ишин улантып жатканы белгилүү болгон. Ал укуктук жактан камсыздоо бөлүмүнүн начальниги болуп дайындалганы айтылган.

Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү

Айзада Канатбекова 2021-жылдын 5-апрелинде таңкы саат 5те уурдалган. Анын апасы Назгүл Шакенованын айтымында, ал милицияга кайрылганда, алар «ачуу басар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар» деп күлүшкөн.

Айзаданын апасы кызын уурдагандарды билгендиктен, анын ким экенин милицияга айткан — ал буга чейин эле Айзада Канатбекованын артынан аңдып, уурдап кетүүгө аракет кылып жүргөн, бир канча жолу соттолгон Замирбек Теңизбаев болгон. Аңдуулардан корккон кыз Кыргызстандан кетүүнү чечкен — ал Туркияга билет да алып койгон.

Кылмышты көчөдө илинген камералар тартып калган — машинанын номери жана канча киши уурдаганы белгилүү болгон.

7-апрелде Бишкекке жакын жердеги талаада автоунаа табылган, анын ичинде кыздын сөөгү болгон. Ошол эле унаада Айзаданы ала качкан Замирбек Теңизбаевдин да сөөгү табылган. Унаа ал жерде бир нече күндөн бери токтоп турганы маалым болгон. Бирок кыздын сөөгү табылардан бир күн мурун тергөөчү Айзаданын апасына кызы тирүү жана сак-саламатта экенин айтып ишендирген.

Кыздын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү жана милициянын аракетсиздиги коомчулукту дүрбөтүп, укук коргоо органдарынын ишине нааразычылыкты жараткан.

Кыздын сөөгү табылган күндүн эртеси укук коргоо органдарынын аракетсиздигине нааразы болгон жүздөгөн жарандар Ош жана Бишкек шаарларында митингге чыккан. Чогулгандар Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаев менен ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан.

2021-жылдын 10-апрелинде, ээлеген кызматтарынан ИИМдин 12 жетекчиси жана кызматкери бошотулган, 27 милиционер «Кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү» тартиптик жазасын алган. Ошондой эле, 5 кызматкерге «Катуу сөгүш берилген».

Айзада Канатбекованын киши колдуу болушуна байланыштуу кылмыш иши аны уурдап, андан соң өлтүргөн Замирбек Теңизбаевдин көз жумганына байланыштуу токтотулган. Теңизбаев өз жанын кыйган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Айзада Канатбекованы уурдоого айыпталган беш адамды күнөөлүү деп тапкан. Алардын бардыгы 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылган.